Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 362 токтому менен бекитилген |
Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Ушул Убактылуу жобо баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоонун тартибин жөнгө салат.
3. Лицензиар болуп баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
4. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын аймагында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүн контролдоо боюнча лицензияларды таануу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте ишке ашырылат.
5. Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоонун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдер, ошондой эле ушул убактылуу жобо түзөт.
6. Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти жүргүзүүгө лицензия мөөнөтсүз жана ажыратылбас болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат.
2. Лицензиянын мазмуну жана формасы
7. Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишке лицензияны алуу жөнүндө арыз ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн формада жазуу жүзүндө берилет.
8. Кызыкдар жактардын талаптары боюнча лицензиат лицензиянын түп нускасын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү.
Эгерде лицензиат дубликат алуу, лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арызын берсе, лицензиянын көчүрмөсүн көрсөтүүгө жол берилет.
9. Лицензия лицензиар тарабынан ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз түрүндө же электрондук форматта таризделет.
3. Лицензиялык талаптар жана шарттар
10. Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиясыз жүргүзүүгө тыюу салынат.