Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 55 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 19-июну № 383
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Аңчылык ресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин өркүндөтүү максатында, "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелеринде:
1-главада:
- биринчи абзацындагы "1." деген цифра алып салынсын;
- расмий тилдеги текстинин он биринчи абзацындагы "нормативы" деген сөз "нормы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи-он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"олжолоонун (алып коюунун) квотасы - аңчылыкты пайдалануучулардын өтүнмөлөрү боюнча конкреттүү аңчылык жерлеринин аймагында (мергенчилик чарбасы, аңчылык жерлеринин участогу) аңчылык ресурстарын пайдалануунун белгилүү мөөнөтүнө жана түрүнө бөлүнүүчү лимиттин бир бөлүгү;
аңчылыктын олжосу - аңчылыктын продуктусу (олжолонгон жапайы жаныбарлар жана алардын дериваттары);
чет өлкөлүк аңчы - жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу үчүн Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жаран.";
7-пунктунда: