Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 21-июну № 395
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Макеев Н.К., Асылбаева Г.К., Байбакпаев Э.Дж., Арапбаев А.А., Сурабалдиева Э.Ж., Толонов Д.Э., Султанов А.М., Зулпукаров Т.З., Субанбеков Б.Ж., Примов У.Б. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 395 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Макеев Н.К., Асылбаева Г.К., Байбакпаев Э.Дж., Арапбаев А.А., Сурабалдиева Э.Ж., Толонов Д.Э., Султанов А.М., Зулпукаров Т.З., Субанбеков Б.Ж., Примов У.Б. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгын (мындан ары - Адистештирилген күзөт кызматы) 2009-жылдын 1-январынан тартып пайдага салыкты, сатуудан алынган салыкты, кошумча нарк салыгын, мүлккө салыкты, жер салыгын төлөөдөн бошотуу каралган.
Адистештирилген күзөт кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмү (Башкы башкармалыктын укугундагы) болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде "мекеме" катары катталган жана келишимдик негизде объекттерди жана мамлекеттик, жамааттык жана жарандардын жеке менчик мүлкүн, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, чет элдик юридикалык жана жеке жактардын менчигин, ташылуучу жүктөрдү куралдуу кайтаруу укугуна ээ жана ага баш ийген адистештирилген күзөт бөлүмчөлөрүн жетектейт.