Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 23-июну № 407
Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-октябрындагы № 502, 2019-жылдын 15-февралындагы № 54, 2019-жылдын 6-июнундагы № 282, 2019-жылдын 17-июнундагы № 293, 2019-жылдын 30-августундагы № 443, 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621, 2019-жылдын 16-декабрындагы № 683, 2020-жылдын 7-майындагы № 237, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, 2020-жылдын 7-декабрындагы № 596, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 239, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2023-жылдын 28-декабрындагы № 716 , 2024-жылдын 23-августундагы № 501, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 560 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелерине.
Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоонун, кайра каттоонун жана эсептен чыгаруунун бирдиктүү тартибин киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 24-1-беренелерине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 49 жана 50-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери, 1-тиркемеге ылайык;
- Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартиби, 2-тиркемеге ылайык;
- Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмеги, 3-тиркемеге ылайык.
- Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартиби 4-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-октябрындагы № 502, 2020-жылдын 7-декабрындагы № 596 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте: