Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген |
Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы № 302, 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436, 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592, 2019-жылдын 17-июнундагы № 293, 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, 2020-жылдын 10-июлундагы № 378, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 475, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, 2020-жылдын 7-декабрындагы № 596, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31, 2021-жылдын 17-августу №138, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 , 2023-жылдын 14-августундагы № 407, 2024-жылдын 18-июнундагы № 318, 2024-жылдын 23-июлундагы № 405, 2024-жылдын 9-августундагы № 464 , 2024-жылдын 14-августундагы № 472 , 2024-жылдын 23-августундагы N 501, 2024-жылдын 8-октябрындагы № 609, 2025-жылдын 28-февралындагы № 100, 2025-жылдын 23-июнундагы № 358, 2025-жылдын 25-июнундагы № 363, 21 июля 2025 года № 435, 2025-жылдын 14-августундагы № 497, 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 580, 2025-жылдын 20-сентябрындагы № 595 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын бардык аймагында бирдей болгон автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду (мындан ары - транспорт каражаттарын), стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - түзүлүштөр жана жабдуулар) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана транспорт каражаттарын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин аныктайт.
Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү тарабынан колдонулуучу транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу жөнүндө маселелерге жайылтылбайт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автомототранспорт каражаттары - адамдарды жана жүктөрдү жол менен ташууга арналган түзүлүштөр же ага орнотулган жабдуулар, ошондой эле автомобилдер, автомобилдик сүйрөткүчтөр, автобустар, кичи автобустар, мотоциклдер, мотоколяскалар, мотонарттар, мопеддер, квадрициклдер жана трициклдер, чиркегичтер, жарым чиркегичтер;
транспорт каражаттарын, ошондой эле түзүлүштөрдү жана жабдууларды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, эсептен чыгаруу (мындан ары - каттоо иш-аракеттери) - катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына (мындан ары - электрондук маалыматтар базасы) транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жана аларга болгон менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү аркылуу жүргүзүлгөн иш-аракеттер, ошондой эле каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, эсептен чыгаруу;
расмий өкүл (дистрибьютер, дилер) - даярдоочу завод - даярдоочу завод (анын соода үйү) менен дистрибьютердик же дилердик макулдашуусу (контракт же ниеттер протоколу), дистрибьютердин же дилердин статусун ырастаган өндүрүүчүдөн ырастоочу каты же сертификаты бар соода уюму;
өзү жүрүүчү технологиялык машина - курулушта, өнөр жайда, токой, айыл чарбасында пайдалануу үчүн арналган транспорт каражаты, анын ичинде комбайндар, жол-курулуштук, мелиоративдик, жер казуучу жана башка машиналар;
стационардык технологиялык түзүлүш жана жабдуу - ичинен күймө кыймылдаткычы менен же болбосо электр кыймылга келтиргичи бар, иш убагында ордунан жылдырууну талап кылбаган жана жолдордо, аларга жанаша участоктордо, өндүрүштүк жана айыл чарбалык объекттерде иштерди аткаруу үчүн арналган түзүлүш;
трактор - чиркелген же орнотулган машиналарды же куралдарды иш-аракетке келтирүү үчүн, стационардык машиналарды кыймылга келтирүү, чиркегичтерди сүйрөтүү үчүн арналган каз тамандуу же дөңгөлөк менен жүргөн транспорт каражаты;
транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин паспорту), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорту - 2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууга ылайык транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторунун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасында белгиленген тартипте таризделген транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин паспорту), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспорту;
транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу - катталган транспорт каражаттарынын электрондук маалыматтар базасына транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна уруксат берүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө тийиштүү жазууну киргизүү;
транспорт каражатынын электрондук паспортунан (транспорт каражатынын шассисинин паспортунан) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунан белгиленген үлгүдөгү көчүрмө - 2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууга ылайык белгиленген тартипте таризделген транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасынан транспорт каражаты, өзү жүрүүчү машина жана техниканын башка түрлөрү жөнүндө маалымат;
транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын бланктык продукциясы (мындан ары - атайын бланктык продукция) - бул транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга менчик укуктун бар экендигин ырастоочу, транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү документтер үчүн так отчеттуулук бланктары: транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк; трактордун, өзү жүрүүчү технологиялык машинанын техникалык паспорту; стационардык технологиялык түзүлүштүн жана жабдуунун техникалык паспорту; транспорт каражатынын паспорту;
көчмө тариздөө - транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистеринин транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жайгашкан жерине барып жүргүзгөн каттоо иш-аракеттери;
эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддору - Кыргыз Республикасы жана тиешелүү мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү, алардын экономикаларын модернизациялоо жана өнүктүрүү, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында тиешелүү эл аралык келишимдерди түзүү жолу менен Кыргыз Республикасы чет мамлекеттер менен биргеликте эл аралык уюмдар формасында уюштурган өнүктүрүү фонддору.
транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси - Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын кайра каттоого байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн арналган Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркемеси же төлөм уюмдарынын башка санариптик инструменттери;
сатуучу - жеке жак - транспорт каражатынын ээси;
сатып алуучу - төлөөнү жүзөгө ашыруучу жана транспорт каражатын сатып алуучу болуп саналган жеке жак;
адис - арыздарды кароого жана транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын кайра каттоого ыйгарым укуктуу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
"Транспорт каражаттарынын регистри" АМС - транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык системасы;
"Face ID" бетти таануу сервиси - адамдын ким экендигин ырастоо максатында аны идентификациялоо үчүн бетти таануунун биометриялык технологиясы;
электрондук колтамга - электрондук формадагы маалымат, ал электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн колдонулат.