Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы №220 токтомунуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 14-августу № 480

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 «Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 «Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жободо:

- 63-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков