Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2017-жылдын 16-августу № 489

"Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков