Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 567 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Калктуу конуштардын башкы пландар менен камсыз болушун талдоо
Кыргыз Республикасында 7 облус, 40 район, 453 айылдык аймак жана 31 шаар, анын ичинде республикалык маанидеги 2 шаар, облустук маанидеги 12 шаар жана райондук маанидеги 17 шаар, 9 шаар тибиндеги айыл бар.
Жалпы 1941 калктуу конуш бар, анын ичинен 45 айыл шаарлардын курамына кирет.
Бишкек шаары бир миллиондон ашык калк жашаган ири шаар болуп эсептелет, ага Бишкек шаарынын Башкы планынын долбоордук чегинде жайгашкан калктуу конуштарда жашаган тургундар да кирет.
Республиканын түштүк борбору - Ош шаары, долбоордук чегинде беш жүз миңден ашык калк жашаган ири шаар болуп эсептелет. Калкынын саны боюнча Жалал-Абад шаары чоң шаарлардын категориясына кирет. Каракол, Токмок, Өзгөн, Балыкчы, Нарын, Кара-Балта жана Таш-Көмүр орто шаарлардын категориясында. 21 шаар кичи шаар болуп саналат.
2015-жылдын 1-январына карата жерлерди мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча калктуу конуштардын азыркы чектериндеги жалпы аянты 276235 га түзөт. Алардын ичинен айылдык калктуу конуштардын жерлеринин аянты 172757 га, шаарлар жана шаар тибиндеги айылдар 22240 га аянтты ээлейт.
Азыркы мезгилде Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Көл, Кара-Суу жана Өзгөн шаарларынын бекитилген башкы пландары бар, Баткен, Кызыл-Кыя, Талас, Токтогул жана Кара-Балта шаарларынын жаңы башкы пландары иштелип жатат, алардын кээ бирлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында макулдашуу жана бекитүү стадиясында турат. 18 шаардын башкы пландарын иштеп чыгып, камсыздоо зарылчылыгы бар.
Жалпысынан Кыргыз Республикасы боюнча 1821 калктуу конуштун башкы пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл. Бекитилген башкы пландар шаар курулушунун документи катарында көрсөтүлгөн калктуу конуштардын аймактарын долбоорлоодо, курууда жана өнүктүрүүдө комплекстүү түрдө практикалык жактан колдонулууга тийиш.
Башкы пландарды иштеп чыгуу тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетиштүү финансы каражаттарынын жоктугунан аткарылбай келүүдө.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна ылайык калктуу конуштардын жана шаарлардын башкы пландарын иштеп чыгуу, каржылоо маселелери, анын ичинде башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн топографиялык изилдөөлөрдү финансылык камсыздоо маселелери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык.