Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16 июлундагы № 417 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2017-жылдын 3-октябры № 642

Коргоо ордеринин формасын бекитүү жөнүндө

"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга берилүүчү коргоо ордеринин формасы, 1-тиркемеге ылайык;

- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга берилүүчү коргоо ордеринин формасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков

1-тиркеме

__________________________________________________________________________________

(Ички иштер органынын аталышы, райондун (шаардын) шифри)

№ ________ КОРГОО ОРДЕРИ