Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 5-октябры № 647
Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына кошумча финансылык колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу ТАРТИБИ
I глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби (мындан ары - Тартип), Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосун каржылоодо Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Тартип Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү, пайдалануу жана эсепке алуу эрежелерин аныктайт.