Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
2020-жылдын 9-декабры № 29/30-4
«Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» боюнча Жобону жөнүндө»
«Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, 2020-жылдын 25-августундагы отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин XXIX чакырылышыныны XXX сессиясы Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин 04.10.2012-жылдын № 27/37-2 токтому жокко чыгарылсын.
2. «Чолпон-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы жөнүндөгү Жобосу №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Чолпон-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча депутаттардан, коомчулуктан, ардагерлерден, мэриядан турган комиссия мүчөлөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Чолпон-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгисин, күбөлүгүн, ардактуу атуулдук тасмасын даярдоо Чолпон-Ата шаардык мэриясына тапшырылсын.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармасына жиберилсин.
6. Токтом ММКтарына жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү «Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына (Р.Т.Кыстаубаевага) жүктөлсүн.
Төрага | А. Казакбаев |
| № 1 тиркеме БЕКИТИЛДИ Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын № 29/30-4 токтому менен 09.12.2020ж |
«Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам жөнүндөгү
I Жалпы жоболор
1. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам алуучулардын шаардын коомчулугу алдындагы көрүнүктүү кызматын белгилеп, алардын шаардын пайдасына, анын өнүп гүлдөшүнө жетишүүгө жумшалган өздүк ишмердүүлүктөрүн колдоо максатында дайындалат.
2. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам коомдук иштерге жигердүү катышкан жана катышып жаткан, шаардын маданий, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, калктын жашоо шарттарын жакшыртууга, укуктук жана эмгектик тартипти , шаардыктардын достугун жана биримдигин бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон, урматка ээ болгон жана башкаларга, өзгөчө жаштарга өсүп келе жаткан муундарга үлгү болгон атуулдарга ыйгарылат.
3. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын атуулдарына жана чет өлкөнүн атуулдарына жекече берилет жана кайрадан алынбайт.
4. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамы, соттуулугу салына элек же жоюла элек атуулга ыйгарууга мүмкүн эмес.
5. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон адамга «Чолпон- Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген жазуусу бар төш белги, тасма жана «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген күбөлүк тапшырылат (алардын сүрөттөмөсү Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин токтому менен бекитилет).
II«Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун негиздери
1. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамды, Чолпон-Ата шаарынын аймагында 20 жылдан кем эмес жашаган, шаардыктардын жана мамлекеттин алдында өзгөчө кызматты өтөгөн жергиликтүү жамааттын өкүлү ала алат;
2. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамды ыйгарууга төмөнкүлөр негиз боло алат:
* көп жылдык натыйжалуу кайрымдуулук жана меценаттык ишмердүүлүк;
* Чолпон-Ата шаарынын тургундары үчүн эрдикти көрсөткөндүк;
* Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын көпчүлүгүнүн алкоосуна ээ болгон мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданий, чарбалык, коомдук жана башка ишмердүүлүк жааттарындагы, Кыргыз Республикасы жана Чолпон-Ата шаары үчүн көрүнүктүү натыйжаларга жетишүү;
* шаардык структуралык системасында (уюмдарда жана мекемелерде) 20 жылдан кем эмес үзүрлүү эмгектин натыйжасында, шаардын тургундарынын арасында туруктуу жана кеңири таанымал болгондук.
* өзүнө жүктөлгөн милдеттерине жана калк тарабынан берилген тапшырмаларга үлгүлүү мамиле кылуу;