Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 24-июлу № 193
Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө
(КР 2024-жылдын 25-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Музей фондунун укуктук жоболорунун өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында музейлерди түзүү жана иштетүү тартибин аныктайт.
2-берене. Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын маданият жөнүндө мыйзамдарынын негиздеринен, ушул Мыйзамдан, ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик каталогу - Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизилген музей буюмдары жана музей коллекциялары жана алардын менчик ээси тууралуу маалыматтарды камтыган мамлекеттик эсепке алуу документи;
2) мамлекеттик музей саясаты - мамлекеттин музей иши жаатындагы ишинин негизги багыттарынын жана принциптеринин жыйындысы;
3) консервация - музей буюмдарын жана музейлик маанидеги буюмдарды андан аркы бузулуулардан коргоону камсыз кылуу, алардын учурдагы көрүнүшүнө минималдуу кийлигишүү менен алардын аутенттүүлүгүн сактоо боюнча уюштуруучулук, илимий негизделген иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;
4) маданий байлык - тарых жана маданият үчүн улуттук мааниге ээ болгон, ошондой эле дүйнөлүк маанидеги диний же дин аралашпаган мүнөздөгү буюм;
5) музей - ведомстволук музейлерди кошпогондо, музей буюмдарын жана музей коллекцияларын сактоо, изилдөө жана эл алдында көрсөтүү үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес маданият мекемеси;
6) ведомстволук музей - юридикалык жакты түзбөстөн мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн музей;
7) музей коллекциясы - өзүнүн пайда болуу мүнөзүнөн, түрдүк окшоштугунан же башка белгилеринен улам гана бириктирилген музей буюмунун касиетине ээ болгон маданий байлыктардын жыйындысы;