Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына  ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 24-июлу № 194

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 124-берененин 4-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарындагы "маалыматтар базасын" деген сөздөр "маалыматтар базасынан маалымдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 189-беренеде:

1-пункттагы "уставдык капиталга салым" деген сөздөрдөн кийин "жана/же субъект катышуучусу болуп саналган уюмга субъектин салымынын башка түрлөрү" деген сөздөр менен толукталсын;

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) уюмдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен өзүнүн жеке өндүрүштүк базасын өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарга акысыз алган негизги каражаттардын жана акча каражаттардын наркы, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн объекттерди (мындан ары бул бөлүмдө - акысыз алынган социалдык-маданий багыттагы объекттер) багытталышы боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашырган, мамлекеттик катышуунун үлүшү 50%дан жогору чарбалык коомдордун жана/же Кыргыз Республикасынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналган адистештирилген уюмдардын менчигине акысыз алынган объекттердин (социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттердин, жолдордун, электр тармактарынын, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын, гидроэлектр станциялардын, жылуулук электр станциялардын, гидротехникалык курулмалардын, суу алгыч курулмалардын, тоо кен-шахталык жабдуулардын, жарандык коргонуу объекттеринин, ошондой эле жер участокторун пайдалануу укугунун) наркы.

Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;".

3. 253-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"253-берене. Акысыз негиздеги беримдер

1. Төмөндө көрсөтүлгөн объекттерди багытталышы боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашырган, мамлекеттик катышуунун үлүшү 50%дан жогору чарбалык коомдордун жана/же Кыргыз Республикасынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналган адистештирилген уюмдардын менчигине социалдык-маданий, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттерди, жолдорду, электр тармактарын, подстанцияларды, от казандарын жана жылуулук тармактарын, газ тармактарын, гидроэлектр станцияларынын, жылуулук электр станцияларынын объекттерин, гидротехникалык курулмаларды, суу алгыч курулмаларды, тоо кен-шахталык жабдууларды, жарандык коргонуу объекттерин акысыз негизде өткөрүп берүү КНС-нан бошотулган берим болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча уюмдун менчигине негизги каражаттарды акысыз негизде өткөрүп берүү КНС-нан бошотулган берим болуп саналат.