КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 31-июлу № 210
Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө
(КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 53 , 2025-жылдын 27-январындагы № 28 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам:
1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда эл алдындагы ачыктыктын жана жоопкерчиликтин принциптеринин негизинде жана элдин кызыкчылыктарында аракеттенүүгө, анын кандайдыр бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылууга тийиш экендигин белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдеринин талаптарына негизделген;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке жана юридикалык жактар менен болгон өз ара мамилелеринде иштин бирдиктүү жана негизги принциптерин, эрежелерин жана жол-жоболорун аныктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам:
1) административдик иштин коомдук-укуктук мүнөздөгү негиздерин белгилейт;
2) административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууда администрациялык органдардын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат;
3) төмөнкү тартипти аныктайт:
а) административдик актыларга, администрациялык органдардын аракеттерине же аракетсиздиктерине даттанууну;
б) административдик актыны аткарууну;
в) административдик чыгымдарды өндүрүп алууну;
г) административдик жол-жоболор менен келтирилген зыяндын ордун толтурууну.
2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү