Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 30-декабры № 231

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-статьяда:

1-бөлүгүнүн тогузунчу абзацында ", ошондой эле малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттарын" деген сөздөр алып салынсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Малды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо, сапатын, натыйжалуулугун, коопсуздугун экспертизалоо Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.";

2) 26-статьянын 4-бөлүгүндө "саламаттык сактоо" деген сөздөр "ветеринария" деген сөзгө алмаштырылсын;

3) 32-статьяда:

1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Адамдын канынан, канынын плазмасынан, ошондой эле органдарынан, ткандарынан алынган бардык дары-дармек каражаттарында "Адамдын иммунодефицитинин вирусуна козгогучу жок" деген жазуу болот. Кан суулар кайсы жаныбардын канынан, канынын плазмасынан, органдарынан, ткандарынан алынгандыгын көрсөтүү менен; вакциналар - вирустар менен бактериялардын көбөйүшү үчүн пайдаланылган азыктуулугу бар чөйрөнү көрсөтүү менен жүгүртүүгө түшөт.";

расмий тилдеги 7-бөлүгүндө "уполномоченным государственным органом Кыргызской Республики в области здравоохранения" деген сөздөр "уполномоченным государственным органом Кыргызской Республики в области здравоохранения и ветеринарии" деген сөздөргө алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги 8-бөлүгүндө "саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "саламаттык сактоо жана ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 35-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Эгерде ветеринардык дары-дармектер катталса же Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө жана ветеринардык практикада колдонууга уруксат берилген дары-дармектердин тизмегине киргизилсе, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү, сатып өткөрүү жана колдонуу Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.";

5) 38-статьянын 2-бөлүгүндө "саламаттык сактоо" деген сөздөр "ветеринария" деген сөзгө алмаштырылсын;

6) 44-статьяда:

расмий тилдеги 7-бөлүгүндө "аптеке," деген сөз алып салынсын;

мамлекеттик тилдеги 8-бөлүгүндө "дарыканада," деген сөз алып салынсын;

7) 47-статьянын 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев