Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 29-июну № 92

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР 2018-жылдын 10-августундагы № 89, 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-берене.

(КР 2018-жылдын 10-августундагы № 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

2-берене.

(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-берене.

"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 341-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

36-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик жана муниципалдык маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасы ижарага берилиши мүмкүн. Мамлекеттик жана муниципалдык маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасын ижарага берүүдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.".

4-берене.

2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү мамлекеттик маданият мекемелерине карата ушул Мыйзамдын 1-беренесинин "б" пунктчасын жана ушул Мыйзамдын 3-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев