Загрузка документа…
ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2017-жылдын 18-марты № 47
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясыны ылайык)
Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики | 9 февраля 2017 года |
|
|
Статья 1.
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 341-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чыгармачыл иштин жыйынтыктарын тыюу салынгандардын эсебине киргизүү жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.".
2-берене.
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 3, 97-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Китепканалардын жана аны пайдалануучулардын мыйзамдуу укуктарын кемсинткен аталган органдардын чечимдерине, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.";
2) 22-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Каттоодон баш тартууга "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.";
3) 23-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик китепканаларды жоюу тууралуу укук ченемсиз чечимге жеке жана юридикалык жактар, коомдук бирикмелер же көзөмөлчү (окурмандар) кеңештер "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттана алат.".
3-берене.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: