Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 5-июлу № 119
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 31-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 191-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
"11-статья. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылуучу башкарылуучу жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин белгилейт.";
3) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат.";
4) 5-статьяда:
а) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;