Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июлу № 162
Коррупция жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125, 2023-жылдын 3-мартындагы № 49, 2025-жылдын 23-январындагы № 24, 2025-жылдын 26-июнундагы № 127
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5-бөлүгүндө "баңги заттарды контролдоо," деген сөздөр алып салынсын.
5-берене.
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы: