Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 12-декабры № 206 (11)

Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө

(КР 2026-жылдын 13-майындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары

Ушул Мыйзам мамлекеттик, муниципалдык жана ушул Мыйзамда каралган башка кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруунун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин аныктайт жана алардын ишинде кызматтык милдеттерди аткарууда өздүк (жеке) кызыкчылыктарды (таламдаштыкты) жокко чыгаруучу коомдук кызыкчылыктарды камсыз кылууга багытталган.

2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам кызыкчылыктардын кагылышуусу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат жана ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын ишиндеги тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилейт.

2. Башка мыйзамдарда же болбосо башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдардын ченемдери ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Ушул Мыйзам менен башка мыйзамдардын ортосунда коллизиялар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

3-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдар

Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттарын ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн компетенциясынын чегинде көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн документ;

2) аффилирленген жак - башка жактын чечим кабыл алуусуна, анын ичинде түзүлгөн бүтүмдөн (келишимден), юридикалык жактын уставдык капиталында үлүшкө (акцияларга) ээ болуусунан, финансылык же башка милдеттенмелер менен байланышкан башка жеке же юридикалык жакка көз каранды же болбосо анын контролунда болуусунан, үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле багуусунда же болбосо толук камкордугунда болгон башка жактар менен жакын туугандыкта же куда-сөөк болуусунан улам түздөн-түз же кыйыр түрдө таасир эте алган жеке же юридикалык жак;

3) верификация - кызыкчылыктардын кагылышын табуу, четтетүү жана жөнгө салуу максатында ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар берген маалыматтарды ыйгарым укуктуу жактардын тактоосу же талаптагыдай текшерүүсү боюнча иш-чаралар;

4) дипломатиялык белек - протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белек;

5) кызыкчылыктардын кагылышуусу - ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын коомдук-укуктук милдеттери менен өздүк (жеке) кызыкчылыктарынын ортосундагы кагылышуу, мында алардын өздүк (жеке) кызыкчылыктары алардын кызматтык милдеттерди аткаруусуна таасир көрсөтөт же таасир көрсөтүшү мүмкүн, бул жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн. Кызыкчылыктардын кагылышуусу потенциалдуу, реалдуу жана болуп өткөн болушу мүмкүн;