Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ

2018-жылдын 10-августу № 90

(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 47, 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2021-жылдын 23-мартындагы № 41, 2021-жылдын 6-майындагы № 61, 2021-жылдын 22-майындагы № 65,2021-жылдын 22-майы № 67, 2021-жылдын 26-июнундагы № 80, 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143, 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149, 2022-жылдын 18-январындагы № 5, 2022-жылдын 14-апрелиндеги №26, 2023-жылдын 10-февралындагы № 23, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68, 2023-жылдын 7-августундагы № 165, 2023-жылдын 15-августундагы № 182,  2024-жылдын 8-февралындагы № 41, 2024-жылдын 1-мартындагы № 65, 2024-жылдын 29-июлундагы № 151, 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2025-жылдын 20-январындагы № 15 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90,  2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 23-июнундагы № 124, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137,  2025-жылдын 1-октябрындагы № 206,  2025-жылдын 16-октябрындагы № 222, 2025-жылдын 20-октябрындагы № 224 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 , 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262,

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Кодекс колдонулуучу чөйрө

Ушул Кодекс төмөндөгү мамилелерди жөнгө салат:

1) салыктык эмес кирешелерди белгилөө, колдонууга киргизүү жана алуу боюнча;

2) салыктык эмес кирешелерди эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо процессинде келип чыгуучу;

3) ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине, алардын кызматкерлеринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануулар боюнча.

2-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар

1. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар - Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ушул Кодекске жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга негизделген салыктык эмес кирешелер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы.

Ушул Кодекстин ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".