Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 6-августу № 87
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө
(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2020-жылдын 21-августундагы № 139, 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125, 2024-жылдын 7-февралындагы № 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому
Ушул Мыйзам террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралардын системасын белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) обочо банк (тосмо-банк) - банк катары катталган жана жеке өзү катышпаган же иш жүзүндө башкаруу органдары болбогон мамлекетте (аймакта) банк ишин жүзөгө ашырууга лицензия алган жана биргелешкен көзөмөлдө турган кандайдыр бир жөнгө салынуучу финансылык топ менен аффилирленбеген резидент эмес банк;
2) бенефициардык ээси - соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке жак (жеке жактар) же болбосо өзүнүн атынан же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзүүчү жеке жак;
3) верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу;
4) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар;
5) иштиктүү мамилелер - операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдин (оозеки же жазуу) негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер;
6) операцияны (бүтүмдү) токтотуу жана (же) каражаттарды тоңдуруу - каражаттар менен операция (бүтүм) жүргүзүүгө же ар кандай каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүүгө, ажыратууга жана которуштурууга тыюу салуу;
7) идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээлик кылуучу жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
8) чет өлкөлүк траст - чет өлкөлүк трасттын уюштуруучусуна таандык мүлк акчалай жана башка пайданы алууга укугу бар же белгилүү максаты бар ар кандай жеке же юридикалык жактын же чет өлкөлүк юридикалык уюмдун кызыкчылыгында (пайдасы үчүн) ишенимдүү башкаруучунун же камкорчунун башкаруусуна өткөрүп берилген, чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк трасттын уюштуруучусу тарабынан түзүлгөн укук мамилелеринин системасы;
9) кардар - финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен ишкер мамиле түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
10) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) - эгерде мүлк кылмыштардан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, жосун үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында мүлк чыккан кылмыштуу булакты жаап-жашыруу же айтпай коюу же кылмыш жасоого катышкан адамга жардам көрсөтүү максатында мүлктү кайра түзүү (конверсиялоо) же которуу боюнча ар кандай аракеттерди (операцияларды же бүтүмдөрдү) жасоо жолу менен кылмыштуу кирешелерге ээлик кылууга, пайдаланууга же тескөөгө укук ченемдүү түр берүү; эгерде мүлк кылмыштардан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, мүлк чыккан булактын чыныгы мүнөзүн, мүлктүн турган жерин, аны тескөөнүн жана ордун которуунун ыкмасын, ошондой эле мүлккө болгон укукту же анын таандыктыгын жаап-жашыруу же айтпай коюу; же болбосо, эгерде мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынгандыгы жакка белгилүү болсо, кылмыш жасоого катышпаган жактын мүлктү жаап-жашыруусу же үзгүлтүксүз кармап туруусу; же болбосо, эгерде мүлктү алган учурда жакка анын кылмыштардан алынган киреше экендиги белгилүү болсо, мүлктү сатып алуу, ага ээлик кылуу же пайдалануу;
11) жалпыланган материал - операциялар (бүтүмдөр) жана башка маалыматтар жөнүндө билдирүүлөрдү талдоонун натыйжалары боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан даярдалган, террористтик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарды жасалгандыгына шектелгендиги тууралуу маалыматты камтыган документ;
12) көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттер - төлөм жүргүзүлө турган жак көрсөтүлбөгөн же акча инструменттерин алуучунун идентификациялык маалыматтары көрсөтүлбөгөн көрсөтүүчүгө карата формадагы жана чексиз жүгүртүлүүчү акча инструменттери же толтурулбаган акча инструменттери (жол жана банк чектери, акча жана эсептешүү чектери, векселдер, баалуу кагаздар, акча каражаттарын төлөө боюнча эмитенттин (карызкордун) милдеттерин күбөлөндүрүүчү, документтик формадагы милдеттемелер жана акча тапшырмалары);
13) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
14) предикаттык кылмыш (негизги кылмыш) - аны жасоонун натыйжасында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) объекти (предмети) болуп саналган киреше (каражаттар) алынган, Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган ар кандай кылмыш;
15) кылмыштуу киреше - Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасоонун натыйжасында түз же кыйыр түрдө алынган же чыгарылып алынган киреше (каражаттар);
16) өз ара пайдалуу принцип - ага ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары чет мамлекеттин компетенттүү органдары менен өз ара пайдалуу, тең укуктуу негизде жана ар бир тараптын эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттемесинин негизинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырган эл аралык мамилелердин жалпыга таанылган принциби;
17) коомдук кызмат адамдары - төмөндөгү жеке адамдардын бири:
а) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функциялар) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
б) улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
в) эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар);
18) тобокелдикке салынган мамиле - тобокелдиктерди башкаруунун белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти табуу, баалоо, мониторинг жасоо, контролдоо, даражасын төмөндөтүү) ылайык, тобокелдиктин жогорку даражасында күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү даражасында жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү;
19) Санкциялык тизмек - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалымат болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
20) каражаттар - төмөнкү активдердин бири:
а) акча каражаттары жана ар кандай финансылык активдер;
б) экономикалык ресурстар, анын ичинде нефть жана башка жаратылыш ресурстары;
в) сатып алуу ыкмасына карабастан мүлктүн ар кандай түрү (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз);
г) жогоруда көрсөтүлгөн мүлккө же активдерге укук же үлүш берүүчү, ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы укуктук документтер же өбөлгөлөр;
д) банктык кредиттер жана банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык алынуучу/берилүүчү акча каражаттары жана (же) башка мүлк, акча жана эсептешүү чектери, почта которуулары, акциялар, баалуу кагаздар, облигациялар, банктык траттар же аккредитивдер жана мындай каражаттардан же активдерден алынуучу же алар өндүрүүчү ар кандай пайыздар, дивиденддер жана киреше;
21) эсептер - Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында аныкталгандай банк эсептери же финансылык мекемелер менен кардардын ортосундагы же финансылык эмес категориядагы жактар менен кардардын ортосундагы ушул сыяктуу иштиктүү мамилелер;
22) массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо - каражаттар ядролук, химиялык жана биологиялык куралды таратууну жана (же) аны жеткирүү каражаттарын каржылоо үчүн арналгандыгын же ушул үчүн толук же жарым-жартылай колдонулаарын түшүнүп туруп каражаттарды берүү же топтоо же болбосо финансылык кызмат көрсөтүү;
23) террористтик ишти каржылоо - каражаттар террористти жана (же) террористтик уюмду толук же жарым-жартылай каржылоо үчүн же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чектеринен тышкары террористтик ишти даярдоону уюштурууну же жүзөгө ашырууну каржылоо үчүн же болбосо террористтик актыларды жасоо, пландаштыруу, даярдоо же жасоого катышуу же террористтерди даярдоо же мындай даярдыктан өтүү максаттары үчүн, алардын жашаган же жарандыгын алган мамлекети болуп саналбаган мамлекетке бара жаткан адамдардын сапарын каржылоо үчүн арналганына же пайдаланыларына ниеттенүү же аңдап билүү менен каражаттарды берүү, финансылык кызмат көрсөтүү же каражаттарды ар кандай методдор же ыкма менен түз же кыйыр чогултууну жүзөгө ашыруу;
24) экстремисттик ишти каржылоо - Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти даярдоону уюштурууну же жасоону каржылоо үчүн каражаттар толук же жарым-жартылай арналганына же пайдаланыларына ниеттенүү же аңдап билүү менен каражаттарды берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды ар кандай методдор же ыкма менен түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) чогултууну жүзөгө ашыруу;
25) максаттуу финансылык санкциялар - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын ар кандай операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдуруу жана (же) мындай жактарга, топторго жана уюмдарга ар кандай каражаттарга же финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү берүүнү (түз же кыйыр) чектөө;
26) электрондук акча которуу - төлөм системаларын пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу которулган акчаны жөнөтүүчүдөн алуучуга акча каражаттарын (накталай, накталай эмес, электрондук акчалар) которуу боюнча операция;
27) юридикалык түзүлүштөр - чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ишеничтүү фонддор жана башка ушул сыяктуу юридикалык мамилелер.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул беренеде аныкталбаган жана ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын максаты адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана финансы системасынын бүтүндүгүн кылмыштуу кол салуулардан коргоо болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери төмөнкүлөр боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктоо жана белгилөө болуп саналат:
1) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү үчүн алдын алуу чараларды колдонуу боюнча;
2) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды таап чыгуу, бөгөт коюу, ачуу жана териштирүү боюнча, ошондой эле ушул жосундарды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды жоюу боюнча;
3) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекет ичиндеги өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча;
4) террористтик ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча.
3-берене. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамдын алкагында кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери) террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана ушул Мыйзамга каршы келбеген тартипте жана шарттарда колдонулат.
2-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүчү субъекттер
4-берене. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүчү субъекттер
1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар;
2) текшерүүчү органдар;
3) финансылык чалгындоо органы;
4) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, салык кызматынын органдары, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдары, бажы органдары (мындан ары - укук коргоо органдары), улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча координациялык-кеңешүүчү органды түзөт.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар
1. Ушул Мыйзамда финансылык мекемелер деп төмөнкү юридикалык жактар түшүнүлөт:
1) ипотекалык компаниялар (уюмдар);
2) коммерциялык банктар;
3) кредиттик союздар;
4) лизингдик компаниялар (уюмдар);
5) күрөөканалар;
6) микрофинансылык уюмдар (микрокредиттик агенттиктер, микрокредиттик компаниялар, микрофинансылык компаниялар, адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер);
7) топтолмо пенсиялык фонддор;
8) алмаштыруу бюролору;
9) электрондук акчаларды колдонуу менен эсептешүү системасынын операторлору;
10) кайра камсыздандыруу уюмдары жана брокерлер;
11) төлөм уюмдары;
12) почта байланышынын ишканалары;
13) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары;
14) ссудалык-аманат турак жай-курулуш кассалары;
15) камсыздандыруу уюмдары (камсыздандыруучулар);
16) камсыздандыруу брокерлери;
17) товардык биржалар;
18) электрондук акчалардын эмитенттери жана агенттери (дистрибьюторлор);
19) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр.
2. Ушул Мыйзамда финансылык эмес категориядагы жактар деп төмөнкү жеке жана (же) юридикалык жактар түшүнүлөт:
1) мамлекеттик жана жеке нотариустар;
2) түзүлгөн контракттын негизинде өз кардарынын атынан же анын тапшырмасы боюнча операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө даярдоо же операцияны (бүтүмдү) жасоочу боюнча кесиптик негизде кызмат көрсөтүүчү көз карандысыз юристтер (жеке ишкерлер), юридикалык компаниялар жана алардын кызматкерлери (юрисконсульттар);
3) риэлторлор (агенттер, брокерлер, ортомчулар, кыймылсыз мүлктү сатуунун уюштуруучулары, кыймылсыз мүлктүн ишенимдүү башкаруучулары);
4) баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;
5) юридикалык жактарды түзүү же юридикалык жактарды башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактар;
6) оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 6-августу № 87
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө
(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2020-жылдын 21-августундагы № 139, 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125, 2024-жылдын 7-февралындагы № 38, 2025-жылдын 23-январындагы N 26
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз: