Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 6-августу № 87
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө
(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2020-жылдын 21-августундагы № 139, 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125, 2024-жылдын 7-февралындагы № 38, 2025-жылдын 23-январындагы N 26
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому
Ушул Мыйзам террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралардын системасын белгилейт.
(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) обочо банк (тосмо-банк) - банк катары катталган жана жеке өзү катышпаган же иш жүзүндө башкаруу органдары болбогон мамлекетте (аймакта) банк ишин жүзөгө ашырууга лицензия алган жана биргелешкен көзөмөлдө турган кандайдыр бир жөнгө салынуучу финансылык топ менен аффилирленбеген резидент эмес банк;
2) бенефициардык ээси - соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке жак (жеке жактар) же болбосо өзүнүн атынан же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзүүчү жеке жак;
3) верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу;
4) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар;
5) иштиктүү мамилелер - операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдин (оозеки же жазуу) негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер;
6) операцияны (бүтүмдү) токтотуу жана (же) каражаттарды тоңдуруу - каражаттар менен операция (бүтүм) жүргүзүүгө же ар кандай каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүүгө, ажыратууга жана которуштурууга тыюу салуу;
7) идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээлик кылуучу жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
8) чет өлкөлүк траст - чет өлкөлүк трасттын уюштуруучусуна таандык мүлк акчалай жана башка пайданы алууга укугу бар же белгилүү максаты бар ар кандай жеке же юридикалык жактын же чет өлкөлүк юридикалык уюмдун кызыкчылыгында (пайдасы үчүн) ишенимдүү башкаруучунун же камкорчунун башкаруусуна өткөрүп берилген, чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк трасттын уюштуруучусу тарабынан түзүлгөн укук мамилелеринин системасы;