Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 28-январы № 19

Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө

 

2018-жылдын 20-декабрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

(КР 2021-жылдын 22-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене. Ушул Мыйзамды жонго салуу предмети

Ушул Мыйзам жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууга багытталган, ошол адамдарды коргоонун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт, ошондой эле калктын мамлекетке жана анын түзүмдөрүнө карата ишенимин бекемдөөгө багытталган.

2-берене. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринен жана ченемдеринен турат.

Ушул Мыйзамдын колдонулушу алардын билдирүулөрү текшерүүнүн жүрүшүндө тастыкталган коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарга жайылтылат.

3-берене. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар

1. Төмөнкүлөр мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар болуп саналат:

1) мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алган органдар;

2) коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган органдар.

2. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралуу чечим кылмыш же жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган сот (судья), прокурор, алгачкы текшерүү органынын начальниги же тергөөчү тарабынан кабыл алынат.

3. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруу иш өндүрүшүндө турган же анын карамагына тийиштүү болгон жазык иштери боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук, жаза аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органдарына жүктөлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коопсуздуктун айрым чараларын жүзөгө ашыруу тапшырылышы мүмкүн болгон башка мамлекеттик органдарга жүктөлүшү мүмкүн.

4. Соттун же прокуратуранын өндүрүшүндө турган жазык иштери боюнча корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары корголуучу адам турган жери боюнча жайгашкан соттун (судьянын) чечими же прокурордун токтому боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук, жаза аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштарга каршы курөшүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Аскер кызматчыларынын ичинен корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары ошондой эле тийиштүү аскер бөлүгүнүн командачылыгы жана жогору турган командачылык тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Тергөө изоляторлорунда же түзөтүү мекемелеринде кармалган корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу системасынын мекемелери жана органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.