Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 15-февралы № 25
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 7-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 29-беренедеги "0,05 пайызга" деген сөздөр "1 пайызга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 30-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жүгүртүүгө тыюу салынган же аларды жүгүртүү чектелген буюмдардан жана заттардан, ошондой эле жасалган бузуунун натыйжасында алынган, ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде жок кылынууга, же болбосо тиешелүү уюмдарга алардын өтүнүчү боюнча өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон буюмдарды жана заттарды кошпогондо, алынып коюлган буюмдар же башка заттар бузуу жөнүндө иш боюнча чечим кабыл алынгандан кийин ээсине кайра берилүүгө тийиш.";
3) 11-главада:
а) главага эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 49, 50 жана 54-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 51-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 52 жана 53-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 55-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ал эми ушул Кодекстин 55-беренесинин 3-бөлүгүндө каралгандар ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
5. Ушул Кодекстин 56 жана 57-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
б) 53-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"53-берене. Тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын чегүү, коомдук жерлерде жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин бузуу
Тамеки заттарын тыюу салынган жерлерде чегүү, коомдук жерлерде жүрүм-турумдун жалпы кабыл алынган ченемдерин бузуу (түкүрүү, чимкирүү, чемичке чагуу жана башка ушундай аракеттер) -