КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 23-январы № 14
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө
2018-жылдын 20-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 15720544,3 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР 2020-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2020-2021-жылдарга божомолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2019-жылга чыгаша бөлүгү 4 жана 5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-2021-жылдарга бюджети программалык негизде 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.
6-берене.
1. Республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөрүп берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкү суммада белгиленсин:
1) 2019-жылга - 11129175,1 миң сом;
2) 2020-жылга божомол - 10286200,0 миң сом, 2021-жылга - 10324420,0 миң сом.