Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 12-апрели № 48
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 27-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 414-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-берененин 17-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Статс-катчынын кызмат ордун жогорку билими, административдик мамлекеттик жана/же муниципалдык жогорку же башкы кызмат орундарында же болбосо атайын, саясий мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес жыйынды иш стажы бар адамдар ээлей алышат.
Статс-катчынын кызмат ордун ошондой эле башка иш чөйрөлөрүндө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар, бирок мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес жыйынды иш стажы болгон шартта ээлей алышат.
Статс-катчынын кызмат ордун элөө үчүн иш стажына акы төлөнбөөчү негизде жүзөгө ашырылуучу саясий муниципалдык кызмат орундарындагы адамдардын иши кирбейт.";
2) 14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы, анын ичинде СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү мөөнөттүү кызматтагы эмгек ишинин, мурдагы СССРдин партиялык, комсомолдук жана мамлекеттик органдарынын аппараттарындагы ишинин, ошондой эле убактылуу болбогон кызматчынын ордун ээлөө боюнча эмгек ишинин убактысы кирет.";
3) 16-беренеде:
а) 11-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Мамлекеттик кызмат ордуна дайындалгандан кийин муниципалдык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чени бар кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча муниципалдык кызматтын тийиштүү класстык ченине ылайык келген мамлекеттик жарандык кызматтын класстык чени баа берүү жүргүзүлбөстөн ыйгарылат.
Муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин мамлекеттик жарандык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чени бар кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча мамлекеттик кызматтын класстык ченине ылайык келген муниципалдык кызматтын класстык чени баа берүү жүргүзүлбөстөн ыйгарылат.";
б) 13-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары бар кызматчыларга бул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга ылайык келген класстык чен баа берүү жүргүзүлбөстөн ыйгарылат.";
4) 18-беренеде: