Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 24-апрели № 53

"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 13-мартында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 758-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

2) 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Медициналык калдыктарды колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-апрелинде N 32 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков