Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 17-майы № 64
Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 Конституциялык Мыйзамдын, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 11-августундагы № 179, 2024-жылдын 12-январындагы № 14, 2025-жылдын 16-июнундагы № 119, 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2019-жылдын 10-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 99-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой чарбачылыгынын фонду токой чарба органдарынын ишинин натыйжасында алынган, өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу-карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн төлөмдөрдөн эсепке киргизилген каражаттардын өлчөмүндө республикалык бюджеттен каржыланат.";
2) 106-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"106-берене. Токой чарбачылыгын башкаруунун мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону каржылык камсыз кылуу
Токой чарбачылыгын мамлекеттик башкаруунун органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо жана кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
(КР 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)