КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 18-январы № 4
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 23-январындагы № 24, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 26-июнундагы № 127, 2025-жылдын 31-июлундагы № 179, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболору ал колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон салыктык укук мамилелерине жайылтылат.
3-берене.
1. Мүлк салыгы 2022-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын бардык аймагына киргизилет.
2. 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жергиликтүү кеңештер тарабынан жүзөгө ашырылат.
4-берене.
Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2021-жыл үчүн салык отчёттуулугу жана бирдиктүү салык декларациясы, алар боюнча салык милдеттенмелери 2021-жылдын 31-декабрына карата белгиленген талаптарга ылайык тапшырылат жана аткарылат;
2) 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата түзүлгөн кошумча нарк салыгынан (мындан ары - КНС) ашкан сумма республикалык бюджеттин эсебинен, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен орду толтурулууга жана (же) кайтарылууга тийиш, ошондой эле доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен КНСтин ашыкча суммасы салык төлөөчүнүн өздүк эсебинен бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылууга тийиш. КНСтин ашыкча суммасынын ордун толтуруу, кайтаруу жана эсептен чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет;
3) 2021-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болгон атайын салык режимдеринин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде салык органына салык режимин тандоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү, бул Кыргыз Республикасынын Салык кодекси ишке киргизилген датадан тартып колдонулат, эгерде мындай арыз жок болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин мындай салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчү болуп таанылат;
4) жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн жана 2021-жылдын 31-декабрындагы абалга карата КНС боюнча салык төлөөчү болуп саналбаган салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде салык органына КНС боюнча салык төлөөчү катары каттоо же Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан тартып колдонулган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген талаптарга ылайык келген учурда атайын салык режимине өтүү тууралуу арыз берүүгө милдеттүү, ушундай арыз жок болгон учурда, көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин мындай салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчү болуп таанылат;
5) ушул берененин 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн жана жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылган салык төлөөчү 2022-жылдын 1-мартына чейин ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук эсеп-фактураларынын маалымат тутумунун катышуучусу катары каттоодон өтүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте электрондук эсеп-фактураларын тариздөөгө милдеттүү;
6) Кыргыз Республикасынын Салык кодекси колдонууга киргизилген датадан кийин бүтүүчү салык мезгилдери үчүн 2021-жылдын 31-декабрына чейин түзүлгөн турак жай куруучулары менен түзүлгөн салык контракттары салык контрактысында каралган салык мезгили аяктаганга чейин колдонулат, ал боюнча салык милдеттенмелери салыктар толук төлөнгөндө аткарылды деп эсептелет, салык милдеттенмелери аткарылбаган учурда салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салык милдеттенмелерин өндүрүү боюнча чаралар көрүлөт;