Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 130 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-июлу № 82
Расмий статистика жөнүндө
(КР 2023-жылдын 1-февралындагы № 21, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 28-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам улуттук статистика тутумунун уюштурулушун жана иштөөсүн жөнгө салат, расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн укуктук негизди белгилейт.
2. Расмий статистика ушул Мыйзамдын алкагында:
1) өзүнө Кыргыз Республикасындагы экономикалык, демографиялык, социалдык жана экологиялык жапырт кубулуштарды репрезентативдик негизде мүнөздөгөн статистикалык маалыматтарды камтыйт;
2) ушул Мыйзамдын жоболоруна, расмий статистика жаатындагы БУУнун негиз болуучу принциптерине ылайык иштелип чыгат, жүргүзүлөт жана жайылтылат жана макулдашылган эл аралык статистикалык стандарттарды жана сунуштамаларды эске алат;
3) статистикалык программаларда расмий статистика деп аталат.
3. Ушул Мыйзамдын жоболору расмий статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн пайдаланылган расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн тескөөсүндөгү бардык маалыматтарга карата колдонулат.
2-берене. Кыргыз Республикасынын расмий статистика жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын расмий статистика жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана расмий статистика жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Расмий статистика жаатындагы укуктук мамилелердин субъекттери