Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 17-марты № 35
Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында аквакультура, суу биоресурстарын, алардын жашоо чөйрөсүн пайдалануу, өндүрүп чыгаруу, коргоо жана балык уулоо жагындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулуусу жеке менчикте турган обочолонгон суу объекттериндеги (жасалма көлмөлөрдөгү, суу толгон карьерлердеги жана башка жасалма суу көлмөлөрдөгү) аквакультура жана балык уулоо объекттерин өндүрүүгө карата жайылтылбайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) аквакультура (балык өстүрүүчүлүк) - аквакультура объекттерин жасалма көбөйтүү, карап-күтүү жана өстүрүү боюнча ишмердик;
2) акклиматизация - суу объекттерине суу биоресурстарын байырлатуу жана бул түрлөр мурда жашабаган же өзүнүн өндүрмөлүк маанисин жоготкон суу көлмөлөрдө алардын туруктуу популяцияларын түзүү боюнча ишмердик;
3) суу биологиялык ресурстар (мындан ары - суу биоресурстары) - табигый жана жасалма суу көлмөлөрдө табигый эркин абалда турган балыктар, омурткасыз суу жандыктары жана башка суу жаныбарлары жана өсүмдүктөрү;
4) балык чарбалык маанидеги суу объекттери - балык чарбасын жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу же пайдаланыла турган табигый суу көлмөлөр жана суу сактагычтар, көлмөлөр жана дарыялар, ошондой эле алардын айрым участоктору (акваториялары);
5) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу - балык чарбалык суу көлмөлөрдө балык запастарын калыбына келтирүү жана көбөйтүү максатында, жашоого жарамдуу стадияга чейин өстүрүлгөн жаш балык чабактарын кийин табигый жана жасалма суу көлмөлөргө коё берүү менен жаш балык чабактарын чыгаруу жана өстүрүү боюнча ишмердик;
6) квоталар - балык кармап алуу лимитинин бир бөлүгү, суу көлмөлөрдүн бекитилип берилген участокторунда жана балык уулоо үчүн белгиленген мөөнөттөрдө балыктын өндүрмөлүк түрүн уулоонун ар бир өзүнчө балык өндүрмөлүк субъект үчүн белгиленген көлөмдөрү;
7) лимит - балык уулоо үчүн аныкталган мөөнөттөрдө балык уулоо объекттерин кармап алуунун алардын түрлөрү жана балык чарбалык суу көлмөлөр боюнча жол берилүүчү, балык запастарынын туруктуу жашоосун жана өндүрүп чыгарылуусун камсыз кылуучу жалпы көлөмдөрү;
8) илимий мекеме - суу биоресурстарын балык чарбалык жактан изилдөөлөргө адистешкен илимий профилдик уюм;
9) суу биоресурстарын кармап алуунун жалпы жол берилген көлөмү - балык чарбалык суу көлмөлөрдө же балык уулоо участокторунда суу биоресурстарынын конкреттүү түрлөрүн бир жылда кармап алуунун (уулоонун) илимий негизделген чоңдугу;