МыйзамКүчүндө

КР 2021-жылдын 18-июнундагы № 72 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (»Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө«,»Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакцияот 18.06.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

2021-жылдын 18-июну № 72

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 15-берененин 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"31) радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын, ошондой эле уулуу жана радиоактивдүү заттардын өндүрүш калдыктарын ташуу (анын ичинде трансчекаралык), сактоо, пайдалануу, көмүү;";

2) 17-берененин 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"26) кооптуу жүктөрдү ташуу; радиоактивдүү материалдарды жана заттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, ташып чыгуу жана ташуу;".

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-статьяда "Лицензиялоо жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 10-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу мамлекеттик органды аныктоо;";

3) 13-статьянын онунчу абзацында "технологиялык" деген сөз "техникалык" деген сөзгө алмаштырылсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-июнундагы № 73-74 (3252-3253) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров