Сравнение редакций…
Көңүл буруңуздар! КР 2026-жылдын 16-майындагы N 66 конституциялык Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 26-июну № 79
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 26-июну № 79
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө
(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 161, 2026-жылдын 16-майындагы № 66, 2026-жылдын 28-июлундагы № 137 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуучу жана шайлоо комиссияларынын тутумуна башчылык кылуучу туруктуу иштеген мамлекеттик бийликтин көз карандысыз органы болуп саналат.