КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 26-июну № 79
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө
(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 161, 2026-жылдын 16-майындагы № 66, 2026-жылдын 28-июлундагы № 137 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуучу жана шайлоо комиссияларынын тутумуна башчылык кылуучу туруктуу иштеген мамлекеттик бийликтин көз карандысыз органы болуп саналат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн бюджети, атайын фонду, расмий бланкы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү бар юридикалык жак болуп саналат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнчө административдик имаратта жайгаштырылат.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын (мындан ары - Конституция), ушул конституциялык Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары Борбордук шайлоо комиссиясына анын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө: зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын, телефондоштурулган жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (көргөзмө доскалар, үкөктөр, добуш берүү үчүн кабиналар ж.б.), шайлоо документтерин жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле аларды кайтарууну камсыз кылууга; зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоону, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына кечиктирбестен, тийиштүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо - үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - токтоосуз жооп берүүгө милдеттүү.
6. Саясый партиялар, талапкерлер жана башка коммерциялык эмес уюмдар, башка юридикалык жактар шайлоону, референдумду даярдоонун жүрүшүндө шайлоону, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды Борбордук шайлоо комиссиясына эки жумушчу күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - токтоосуз берүүгө милдеттүү.
2-берене. Борбордук шайлоо комиссиясын түзүүнүн тартиби жана анын статусу
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана комиссиянын сегиз мүчөсүнөн турат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн: анын курамынын жарымын - Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) сунуштамасы боюнча, курамынын экинчи жарымын өз демилгеси менен бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен шайлайт; ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда, аларды кызматтан бошотот.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңеш тарабынан четке кагуу негиздүү болууга тийиш. Сунуш кылган субъект ошол эле же башка талапкерди сунуштоого укуктуу.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн бош орду пайда болгон учурда, өзүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыктан пайда болгон бош орунду элөө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн мурда шайлаган ошол эле субъекттин сунушу боюнча жүзөгө ашырылат.
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары анын биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып башталат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи укук ченемдүү жыйналышынан кийин токтотулат.
6. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн, референдум өнөктүгүнүн учурунда бүткөн учурда, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ошол шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү аяктаганга чейин узартылат.
7. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулгандыгына же таркатылганына, ошондой эле Президенттин ыйгарым укуктарынын токтотулгандыгына же мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын иши анын ыйгарым укуктары бүткөнгө чейин токтотулушу мүмкүн эмес.