Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 9-августу № 93
Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык, КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамы, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын преамбуласында "жана финансылык отчеттуулукту түзүүнү уюштурууну, жүргүзүүнү" деген сөздөр "уюштурууну, жүргүзүүнү жана финансылык отчеттуулукту түзүүнү жана берүүнү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-беренеде:
а) 2-пунктунда:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты (мындан ары - ФОЭС) боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган ФОЭС ачык кызыкчылыктын субъекттери жана менчигинин түрүнө карабастан ири ишкердиктин субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат. Ачык кызыкчылыктын субъекттери жана ири ишкердиктин субъекттери ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөрдү кийин финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө ачып берүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте алар жарыяланганга чейин колдонууга укуктуу.";
- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ачык кызыкчылыктын субъекттери милдеттүү түрдө аудит боюнча комитетти түзөт. Ири ишкердиктин субъекттери аудит боюнча комитетти түзүүгө укуктуу. Аудит боюнча комитет жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын аудити боюнча комитеттер банктык мыйзамдарга ылайык түзүлөт.";
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган Чакан жана орто ишкердик үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты (мындан ары - ЧОИ үчүн ФОЭС) орто ишкердиктин субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат. Орто ишкердиктин субъекттери ЧОИ үчүн ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөрдү кийин финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө ачып берүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте алар жарыяланганга чейин колдонууга укуктуу. Орто ишкердиктин субъекттери ыктыярдуу негизде эсепке алуу саясатын бекитүүчү жетектөөчү органдардын чечими боюнча ФОЭСке ылайык финансылык отчетун түзөт.";
б) 21-пунктунда:
- "иштеп чыккан" деген сөздөрдөн кийин ", Коомдук сектор үчүн ФОЭС боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган" деген сөздөр менен толукталсын;