Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 20-октябры № 123
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 113, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2024-жылдын 16-январындагы № 17, 2024-жылдын 29-июлундагы № 150, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 29-июлундагы № 154, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 166, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 4-июнундагы № 109 , 2025-жылдын 14-октябрындагы № 211 , 2026-жылдын 2-июлундагы № 98, 2026-жылдын 28-июлу № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I Бөлүм. Жергиликтүү мамлекеттик администрация
II Бөлүм. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруунун тартибин, алардын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле алардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин белгилейт.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маселелерин жөнгө салуучу башка мыйзамдар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
3. Чек аранын жанындагы, бийик тоолуу, алыскы аймактар жөнүндө мыйзамдарда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөө өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ
1-глава. Жалпы жоболор жана принциптер
2-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрация
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация райондо аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация - Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) баш ийген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, ал тиешелүү аймакта аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн макулдашылган ишин камсыз кылат, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат жана өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациядагы аткаруу-тескөө ишинин маселелерин кароо үчүн консультациялык-кеңешүүчү орган - коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, анын орун басарлары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы аныктоочу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдары кирет.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишинде Президентке жана Министрлер Кабинетине отчет берет.
3-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин жалпы принциптери
Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишин төмөнкүдөй принциптерде жүргүзөт: