КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 27-октябры № 125
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4, 2022-жылдын 6-июну № 41, 2023-жылдын 25-январындагы № 14, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 190 , 2024-жылдын 7-февралындагы № 39, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн; бош кызмат ордуна дайындоонун; ротациялоонун; кызматтык иликтөө жүргүзүүнүн; мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдүн тартибин; кызматчылардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин; социалдык коргоонун кепилдиктерин; кызматты токтотуунун тартибин аныктайт.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга жайылтылат.
3. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, кызматчыларга эмгек жана социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу жайылтылат.
4. Аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтарда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылардын иши ушул Мыйзам менен алардын кесиптик иштери атайын мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жөнгө салынат.
5. Саясий жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишти алардын статусун регламенттеген мыйзамдар менен жөнгө салынат.
6. Административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга карата башка мыйзамдар ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган өлчөмдө колдонулат.
7. Ушул Мыйзамды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш, аны жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) аныктайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик органдардагы кесиптик кызматтык иши. Мамлекеттик кызмат өзүнө мамлекеттик жарандык кызматты, аскердик кызматты, укук коргоо кызматын жана дипломатиялык кызматты камтыйт;
2) мамлекеттик жарандык кызмат - Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында (мындан ары - ченемдик укуктук актылар) аныкталган милдеттерди, функцияларды жана бийликтик ыйгарым укуктарды туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик органдардагы кесиптик кызматтык ишин билдирген, мамлекеттик кызматтын түрү;
3) муниципалдык кызмат - Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган милдеттерди, функцияларды жана бийликтик ыйгарым укуктарды туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кесиптик кызматтык иши;
4) аскердик кызмат - мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрдө жана мамлекеттик органдарда жарандардын жалпы аскердик милдеттерин аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү;
5) укук коргоо кызматы - коопсуздукту, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча функцияларды жүзөгө ашырган укук коргоо органдарындагы кызмат орундарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесиптик кызматтык ишин билдирген мамлекеттик кызматтын түрү;
6) дипломатиялык кызмат - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын курамдык бөлүгү, өзүнө дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлери болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандарынын эл аралык мамилелер чөйрөсүндө өкүлчүлүк, мамлекеттин кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу жана коргоо, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын практикалык жүзөгө ашыруу боюнча кесиптик ишин камтыйт;
7) мамлекеттик жарандык кызматчы (мындан ары - кызматчы) - мамлекеттик органда административдик кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесиптик кызматтык ишти республикалык бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан Кыргыз Республикасынын жараны;
8) муниципалдык кызматчы (мындан ары - кызматчы) - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында административдик кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесиптик кызматтык ишти жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан Кыргыз Республикасынын жараны;
9) мамлекеттик орган - мамлекеттик бийликтин функцияларын жүзөгө ашырууга, аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, Конституцияга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык туруктуу негизде уюштурулган, республикалык бюджеттен каржылануучу орган;
10) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы - тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин чек араларында өкүлчүлүктүү же аткаруу функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, Конституцияга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык туруктуу негизде уюшулган, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу орган;
11) мамлекеттик кызмат орду - Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган кызмат орду же болбосо ошол органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча аны ээлеген адам үчүн белгилүү милдеттери бар, мамлекеттик органдын штаттык бирдиги катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында (мындан ары - мыйзамдар) белгиленген тартипте уюшулган кызмат орду. Мамлекеттик кызмат орундары саясий, атайын жана административдик болуп бөлүнөт;
12) саясий мамлекеттик кызмат орду - аны ээлөөнүн жүрүшүндө адам бийликтик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу жана саясий программаларды жана долбоорлорду турмушка ашырууга багытталган саясатты аныктоочу чечимдерди кабыл алуучу, Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында коюлган саясий максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартуучу кызмат орду;
13) атайын мамлекеттик кызмат орду - аны ээлөөнүн жүрүшүндө адам саясий аныктоочу чечимдерди кабыл алуу менен байланышпаган контролдоо-көзөмөлдөө, соттук же башка атайын мүнөздөгү чечимдерди кабыл алуу жана иш-аракеттерди жасоо боюнча бийликтик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу кызмат орду;
14) административдик мамлекеттик кызмат орду (мындан ары - административдик кызмат орду) - ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтин белгиленген көлөмү бар, мамлекеттик органдын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн, мамлекеттик органдын штаттык бирдиги катары уюшулган кызмат орду;
15) муниципалдык кызмат орду - Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган кызмат орду же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык бирдиги катары уюшулган, ушул органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча иштеген адам үчүн милдеттердин белгилүү чөйрөсү менен уюшулган кызмат орду. Муниципалдык кызмат орундары саясий жана административдик болуп бөлүнөт;
16) саясий муниципалдык кызмат орду - бийликтик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу жана саясий программаларды жана долбоорлорду турмушка ашырууга багытталган саясатты аныктоочу чечимдерди кабыл алуучу, Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктардын алкактарында тиешелүү административдик-аймактык бирдикте коюлган саясий максаттарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик тартуучу, жергиликтүү кеңештин депутатынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат орду;
17) административдик муниципалдык кызмат орду (мындан ары - административдик кызмат орду) - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтин белгиленген көлөмү бар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык бирдиги катары уюшулган кызмат орду;
18) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча бирдейлештирилген жана классификацияланган саясий жана атайын кызмат орундарынын, ошондой эле административдик кызмат орундарынын тизмеги;
19) карьералык пландоо - мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын кесиптик жана моралдык сапаттарын баалоо, баалоо тутумунун негизинде кызмат боюнча келечектүү алдыга жылдырууга багытталган иш-аракеттердин комплекси;
20) патронаттык кызмат орду - саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн уюшулган консультанттардын, кеңешчилердин жана жардамчылардын кызмат орундары. Патронаттык кызмат орду административдик кызмат ордунун өзгөчө түрү болуп саналат;
21) кызматчыларды кайра даярдоо - кесиптик иштин жаңы түрүн аткаруу, кызматчылардын квалификациясын кеңейтүү, алардын өзгөргөн экономикалык жана социалдык шарттарга ыңгайлашуусун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча билимдерге, жөндөмдөргө жана көндүмдөргө ээ болуу, айрым окутуучу дисциплиналарды үйрөнүү максатында жүзөгө ашырылуучу окутуу;
22) кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу - өзүнүн кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу, кошумча кесиптик билим берүү программаларын, анын ичинде эл аралык талаптарды жана стандарттарды эске алуу менен өздөштүрүү үчүн кызматчылардын иш чөйрөсүндөгү теориялык жана практикалык билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн жаңыртуу максатында жүзөгө ашырылуучу окутуу.
(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын принциптери
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик башкаруу тутумунун бирдиктүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө негизденет жана төмөнкү принциптерде аракеттенет:
1) Конституциянын үстөмдүгү;
2) туруктуулук жана укук улантуучулук;
3) кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана демилгелүүлүк;
4) кызматка кирүүдө жынысына, расасына, тилине, майыптуулугунун болушуна, этностук таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, тегине, мүлктүк же башка абалына карабастан Кыргыз Республикасынын жарандарына бирдей жеткиликтүүлүк;
5) кесиптик сиңирген эмгектеринин негизинде кызмат боюнча көтөрүлүү;
6) кызматтык милдеттерди аткарууда тартиптүү жана жеке жоопкерчиликтүү болуу;
7) кызматчылардын укуктук, экономикалык жана социалдык жактан корголуусу, аларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө татыктуу жашоо деңгээлин кепилдөө;
8) кызматчылардын ишине саясий, диний таасир этүүнү жана мыйзамсыз кийлигишүүнү болтурбоо.
2-глава. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу
4-берене. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу
1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жүктөлгөн милдеттердин жалпы комплексине байланыштырылган кызмат орундарынын тутумуна негизделет.
2. Тутумдун иштеши кызматчыларды карьералык пландоонун негизинде жогорулатуу менен камсыз кылынат.
3. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелердин төмөнкүдөй чөйрөсүн камтыйт:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү жолу менен кызмат орундарынын иерархиясын белгилөө;
2) кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарды жана кызматка кирүүнүн эрежелерин белгилөө;
3) кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
4) кызматка кирүүнүн тартибин жана кызмат боюнча жогорулоонун жол-жоболорун бекитүү;
5) кызматчыларга дем берүү жана жоопкерчилик тутумун киргизүү;
6) кызмат ордунан бошотуунун тартибин аныктоо.
4. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өзүнө төмөнкү этаптарды камтыган бүтүндөй циклди билдирет:
1) кызматка кирүү;
2) кызмат өтөө;
3) кызматты токтотуу.
41-берене. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу максатында Президент тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) түзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу жетекчи башкарат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.
(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
42-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы
1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы (персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчыларынын потенциалын калыптандыруу, кесиптик өнүктүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында түзүлөт.
2. Персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Персоналды башкаруу кызматынын аталышы, түзүмү жана штаттык саны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри (мындан ары - кызмат орундарынын реестри) төмөнкүлөрдөн турат:
1) топторго, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлбөстөн кызмат орундарынын аталыштарын камтыган саясий, атайын кызмат орундарынын реестринен;
2) топтор жана категориялар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча бөлүнгөн кызмат орундарынын аталыштарын камтыган административдик кызмат орундарынын реестринен;
3) топтор, категориялар жана мамлекеттик органдар боюнча бөлүнгөн кызмат орундарынын аталыштарын камтыган аскердик жана укук коргоо кызматтарынын административдик кызмат орундарынын реестринен.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри Президент тарабынан бекитилет.
6-берене. Административдик кызмат орундарынын квалификациясы
1. Административдик кызмат орундары төмөнкү топторго бөлүнөт:
1) жогорку кызмат орду;
2) башкы кызмат орду;
3) улук кызмат орду;
4) кенже кызмат орду.
2. Административдик кызмат орундарынын топторунун ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри менен белгиленүүчү категориялар түзүлөт.
7-берене. Квалификациялык талаптар
1. Административдик кызматчыларга карата төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
1) стажыга жана адистик боюнча иш тажрыйбага жана тийиштүү кесиптик көндүмдөргө карата;
2) административдик кызмат орундарынын категориясын жана тобун эске алуу менен билимдин деңгээлине жана тармагына карата;
3) мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;
4) мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүнө ээ болуусуна карата.
2. Административдик кызмат ордун ээлөө үчүн стажыга жана иш тажрыйбасына карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кенже кызмат орундары - иш стажына талаптар коюлбайт;
2) улук кызмат орундары - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) башкы кызмат орундары - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
4) жогорку кызмат орундары - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн билим деңгээлине карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кенже кызмат орундары - мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим, муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
2) улук, башкы жана жогорку кызмат орундары - тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим.
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилүүчү типтүү квалификациялык талаптардын негизинде ар бир административдик кызмат орду боюнча квалификациялык талаптарды бекитет.
5. Мамлекеттик кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн стажын эсептөөнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 39, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-берене. Класстык чендер
1. Класстык чен - административдик кызмат ордун ээлеген ар бир кызматчыга жекече ыйгарылуучу атайын наам.
2. Класстык чендер административдик кызмат орундарынын реестриндеги топторго жана категорияларга ылайык келет.
3. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:
1) мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору;
2) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору;
3) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси;
4) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
4. Муниципалдык кызматчыларга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:
1) муниципалдык кызматтын кенже инспектору;
2) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору;
3) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси;
4) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
5. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Муниципалдык кызматтын кенже инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Ыйгарылган класстык чен кызматтык күбөлүктө көрсөтүлөт.
10. Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары бар кызматчыларга бул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга ылайык келген класстык чен ыйгарылат.
11. Административдик кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби Президент тарабынан аныкталат.
9-берене. Карьералык пландоо
1. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызматчылардын карьералык өсүүсүнө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгат.
2. Карьералык пландоону уюштуруу мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервинин иштөөсү, конкурстук тандоо, баалоо жол-жоболорун, ротациялоо, кызматчынын квалификациясын жогорулатуу, кызматчыны материалдык жана материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун сактоо менен камсыз кылынат.
(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви
1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин тобу.
2. Кадрлар резерви ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан өз алдынча түзүлөт.
3. Кадрлар резерви кенже, улук жана башкы кызмат орундарына талапкерлерден турат.
Кадрлар резервине төмөнкүлөр кирет:
1) бул органда административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар;
2) органды кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узак мөөнөттүү эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адамдар;
3) ушул Мыйзамда жана мыйзамдарда каралган квалификациялык талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары.
4. Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурсту өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат.
11-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо
1. Кызматчылардын ишин баалоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарына жана милдеттерине ылайык кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугунун даражасын жана карьералык өсүшүнүн келечегин аныктоону билдирет.
2. Баалоо жарым жылдык баалоону эске алуу менен кызматчынын ишинин натыйжалары боюнча жыл сайын жүргүзүлөт.
3. Баалоо жүргүзүүнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын укуктук абалы
12-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга карата коюлуучу талаптар
1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн - 21 жаштан жаш болбоого;
3) муниципалдык кызмат үчүн - 18 жаштан жаш болбоого;
4) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан тиешелүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
2. Төмөнкү адам кызматчы боло албайт:
1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо ага соттун айыптоочу өкүмү менен кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
2) ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
3) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
4) ага карата ушул бөлүктүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган;
5) башка мамлекеттин жарандыгы бар.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)