Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУК БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ

 

2021-жылдын 28-октябры № 128

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 26,. 2022-жылдын 16-июнундагы № 45, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 15-февралындагы № 26, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2023-жылдын 15-мартындагы № 58, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 22-июнундагы № 122, 2023-жылдын 7-июлундагы № 133, 2023-жылдын 4-августундагы № 156, 2023-жылдын 4-августундагы № 163, 2023-жылдын 9-августундагы № 176, 2023-жылдын 9-августундагы № 178, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 186, 2024-жылдын 18-январындагы № 18, 2024-жылдын 24-январындагы № 26, 2024-жылдын 8-февралындагы № 41, 2024-жылдын 27-февралындагы № 58, 2024-жылдын 28-февралындагы № 61, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 11-июнундагы № 93, 2024-жылдын 27-июнундагы № 106,  2024-жылдын 22-июлундагы № 133 , 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2024-жылдын 29-июлундагы № 151, 2024-жылдын 29-июлундагы № 153,  2024-жылдын 30-июлундагы № 157, 2024-жылдын 7-августундагы № 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУК БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ АКТЫЛАРЫ

1-глава. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын милдеттери жана принциптери

1-берене. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдары (мындан ары – мыйзамдар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары – Конституция) негизделет жана ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан (мындан ары – мыйзамдар), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат, алар Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.

2-берене. Укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын милдеттери

1. Ушул Кодекстин милдеттери болуп адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды, айлана-чөйрөнү, коомдук башкаруу тартибин укукка каршы кол салуулардан коргоону укуктук камсыз кылуу саналат.

2. Ушул Кодекс көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтин принциптерин жана негиздерин белгилейт, кандай жосундар укук бузуулар болуп саналарын, алар жөнүндө иштерди кароо тартибин, аларды жасагандыгы үчүн жаза чараларынын жана кошумча укуктук кесепеттердин түрлөрүн аныктайт.

2-глава. Укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу

3-берене. Ушул Кодекстин убакытта колдонулушу

1. Укук бузууларды жасаган адам, аны жасаган убакта ушул Кодекстин колдонуудагы жоболорунда аныкталган негизде жана тартипте жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Ушул Кодекстин укук бузууларды жасаган адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же күчөтүүчү же укуктук абалын башкача түрдө начарлатуучу жоболору кайтарым күчкө ээ эмес.

3. Ушул Кодекстин укук бузууларды жасаган адамдын жоопкерчилигин жокко чыгаруучу же жеңилдетүүчү же укуктук абалын башкача түрдө жакшыртуучу жоболору кайтарым күчкө ээ.

4-берене. Ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушу

1. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти аныктайт.