Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-ноябры № 137
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 199 , 2025-жылдын 15-ноябрындагы № 261 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Глава-1. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин статусун, түзүү тартибин, уюштурулушун жана иш-аракетин аныктайт.
2. Кеңештин укуктук негизи, уюштурулушу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясында, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары - Судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзам), ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
3. Конституциялык мыйзамдарды кошпогондо, башка мыйзамдарда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешти уюштуруунун жана ишинин маселелерин регламенттөөгө жол берилбейт.
4. Башка конституциялык мыйзамдарда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешти уюштуруунун жана ишинин маселелери регламенттелген учурда, алар ушул конституциялык Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши
1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары Конституция) ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиялуу орган болуп саналат.
2. Кеңештин негизги милдети Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) жана жергиликтүү судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, аларды дайындоого сунуштоо болуп саналат.
3-берене. Кеңештин иш принциптери
Кеңеш өз ишин көз карандысыздык, ачык-айкындуулук, коллегиялуулук жана объективдүүлүк принциптеринде жүзөгө ашырат.
4-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары
1. Кеңеш:
1) биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлердин резервин түзөт;
2) соттордо бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрөт;
3) конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат ордуна талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) сунуштоо үчүн киргизет;
4) штаттык саны 5 жана андан көп бирдикти түзгөн соттордо бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен биринчи инстанциядагы соттун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлердин резервинен Президентке талапкерлерди киргизет;
5) Кеңештин Регламентин жана ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка актыларды бекитет;
6) Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Кеңеш ошондой эле судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда, ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: