Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

 

 2021-жылдын 15-ноябры № 134

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 2-августундагы № 152, 2025-жылдын 9-августундагы № 194 , 2025-жылдын 9-октябрындагы № 207 конституциялык Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

I БӨЛҮМ

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1-берене. Жөнгө салуу предмети

 

1. Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу тартибин, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу принциптерин, соттордун жана судьялардын ыйгарым укуктарын, соттордун аппараттарынын жана алардын кызматкерлеринин ишин уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуу жана каржылоо тартибин аныктайт.

2. Ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предметин башка мыйзамдарда регламенттөөгө жол берилбейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун судьяларына, соттордун аппараттарынын кызматкерлерине мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдардын жоболору ушул конституциялык Мыйзамда жөнгө салынбаган өлчөмдө жайылтылат.

3. Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун статусун, көз карандысыздыгын жана өз алдынчалыгын төмөндөтүүчү мыйзамдар чыгарылбоого тийиш.

 

2-берене. Кыргыз Республикасында сот адилеттигинин жүзөгө ашырылышы

 

1. Кыргыз Республикасында сот адилеттиги сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

2. Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин жүргүзүүгө катышууга укуктуу.

Сот адилеттигин жүзөгө ашырууну өзүнө алууга эч кандай башка органдардын жана адамдардын укугу жок.

3. Соттор сот адилеттигин конституциялык, жарандык, кылмыш-жаза, административдик жана мыйзамда каралган сот өндүрүштөрүнүн башка формалары аркылуу алардын компетенцияларына кирген талаш-тартыштарды чечүү жана иштерди кароо аркылуу жүзөгө ашырат.

4. Сот адилеттиги Кыргыз Республикасынын атынан жүзөгө ашырылат жана адамдын, жарандын жана юридикалык жактардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан - ары Конституция), мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылууга багытталган.

5. Кыргыз Республикасында мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.

6. Өзгөчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

 

3-берене. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу принциптери

 

1. Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, эч ким өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында таандык кылынган соттук караштуулугу боюнча сотто кароо укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

2. Мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей. Соттор мамлекеттик, социалдык, жыныстык, расалык белгиси, улуттук, тилдик же саясий таандыктыгы боюнча, же болбосо алардын тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, жашаган жерине, туулган жерине, динге болгон мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандыктыгына карабастан, ошондой эле ага тете мыйзамда каралбаган башка негиздер боюнча кайсы-бир органдарга, жактарга, процесске катышуучу тараптарга артыкчылык бербейт.

3. Кыргыз Республикасынын соттору жана судьялары сот адилеттигин мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан көз карандысыз жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасында соттордун жана судьялардын көз карандысыздыгын жокко чыгаруучу же төмөндөтүүчү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар чыгарылышы жана аракеттер (аракетсиздиктер) жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.

4. Соттордо иштерди териштирүү ачык жүргүзүлөт. Иштерди жабык жыйналышта угууга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет.

5. Соттордо иштерди кароо бетме-бет жүргүзүлөт. Мыйзамда каралган учурларда гана иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилет.

6. Соттордо иштерди кароо тараптардын атаандашуусу жана тең укуктуулугу негизинде жүзөгө ашырылат.

7. Күчүнө кирген соттордун соттук актылары, ошондой эле соттордун жана судьялардын мыйзамдуу тескемелери, талаптары, тапшырмалары, чакыруулары жана башка кайрылуулары бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, жарандар, башка жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кынтыксыз аткарылууга тийиш.

Аларды аткарбоо, ага тете сотко карата сыйлабастыктын башка көрүнүштөрү мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет.

8. Эч ким конкреттүү соттук иш боюнча судьядан отчет талап кылууга укуксуз.

9. Соттордун иши ушул конституциялык Мыйзамда жана башка мыйзамдарда каралган башка принциптерге да негизделиши мүмкүн.

 

4-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (мындан ары - Жогорку сот) жана жергиликтүү соттор (райондук соттор, шаарлардагы райондук соттор, шаардык соттор, административдик соттор, облустук соттор, Бишкек шаардык соту) жарандык, кылмыш- жаза, экономикалык, административдик жана мыйзамда каралган башка иштер боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашыруучу соттордун тутумун түзөт.

2. Кыргыз Республикасынын сотторунун тутумунун (мындан ары - соттор) бирдиктүүлүгү төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген сот адилеттигинин жалпы жана бирдиктүү принциптери;

2) бардык соттор тарабынан мыйзамдарда белгиленген сот өндүрүшүнүн бирдиктүү эрежелерин сактоо;

3) бардык соттор тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерин бир түрдүү колдонуу;

4) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылышынын милдеттүүлүгү;

5) судьялардын статусунун бирдиктүүлүгүн мыйзамдарда бекемдөө;

6) сотторду республикалык бюджеттен каржылоо.

 

5-берене. Ишти кароодо соттун курамы

 

1. Биринчи инстанциядагы сотто жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик, ошондой эле башка иштер жана материалдар судья тарабынан жеке, ал эми мыйзамда каралган учурларда сот арачыларынын катышуусу менен коллегиялуу каралат.

2. Экинчи инстанциядагы соттордун соттук коллегияларында жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик, ошондой эле башка иштерди жана материалдарды кароо үч судьянын курамында жүзөгө ашырылат.

2. Жогорку соттун соттук коллегияларында жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик, ошондой эле башка иштерди жана материалдарды кароо үч судьянын курамында жүзөгө ашырылат.

 

6-берене. Сот өндүрүшү жүргүзүлүүчү тил

 

Кыргыз Республикасында сот өндүрүшү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт жана процесстик мыйзамдарга ылайык расмий тил пайдаланылышы мүмкүн.

Ишке катышуучу, сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамдар иштин бардык материалдары менен таанышуу жана соттук аракеттерде котормочунун жардамы менен катышуу жана сотто эне тилинде чыгып сүйлөө укугу менен камсыз кылынат

(КР 2025-жылдын 9-августундагы № 194 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-берене. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна суроо-талап

Эгерде кандай гана соттук инстанцияда болбосун ишти кароодо иштин чечилиши кез каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу тууралуу маселе келип чыкса, анда сот, судья Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна суроо-талап жөнөтөт.

8-берене. Сот бийлигинин символдору

 

1. Жогорку сот жана жергиликтүү соттор ээлеп турган имараттарда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлөт.

2. Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун жыйналыштарынын залдарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылат.

3. Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары сот адилеттигин жүзөгө шырууда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары - Судьялар кеңеши) тарабынан үлгүлөрү бекитилген мантия кийип отурушат.

 

9-берене. Соттордун мөөрү

 

Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү болот.

 

II БӨЛҮМ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУ

 

10-берене. Жогорку сот

 

1. Жогорку сот жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.

2. Жогорку сот мыйзамда аныкталган тартипте жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча сот процессинин катышуучуларынын кайрылуулары боюнча соттук актыларды кайра кароону жүзөгө ашырат.

3. Жогорку сот Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин 5-пунктуна ылайык ага таандык болгон өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча мыйзам чыгаруу демилгеси укугун жүзегө ашырат, ошондой эле анын карамагындагы маселелер боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

 

11-берене. Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун ишинин негизги принциптери

 

Жогорку сот жана жергиликтүү соттор коллегиялуулуктун, ачык-айкындуулуктун, мыйзамдуулуктун, көз карандысыздыктын негизинде иштейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш иет.

 

12-берене. Жогорку соттун курамы жана түзүмү

 

 1. Жогорку сот Жогорку соттун төрагасынан, төраганын 3 орун басарынан жана судьяларынан турат.

Төраганын орун басарлары соттук коллегиялардын төрагалары болуп саналат.

Жогорку соттун судьяларынын штаттык саны Жогорку соттун төрагасы менен макулдашылган Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

2. Жогорку сот төмөнкү курамда аракеттенет:

1) кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегия;

2) жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия;

3) административдик иштер боюнча соттук коллегия;

4) Жогорку соттун пленуму.

3. Жогорку соттун соттук коллегияларында тийиштүү иштерди кароо үчүн үч судьядан турган соттук курамдар түзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 2-августундагы № 152,  2025-жылдын 9-октябрындагы № 207 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)