Загрузка документа…
КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 20-январы № 8
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы отузунчу абзац менен толукталсын:
"горизонталдык макулдашуулар - бир товардык рынокто товарларды сатууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы же бир товардык рыноктон товарларды сатып алууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашуу;";
2) 4-берененин 6-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын товардык рынокторундагы атаандаштыктын абалы" деген сөздөрдөн кийин "жана алар үчүн атаандаштык эрежелеринин бузулушуна бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралар" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 4-1-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө:
- бөлүк "баадан ашпаган учурда" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле инновациялык иштин, башкача айтканда өз ара бирин-бири алмаштыра албаган жаңы товарды өндүрүүгө алып келүүчү иштин натыйжасы болуп саналган товар баасы" деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде салыштырма товардык рынокто, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары атаандаштык шартында түзүлгөн бааны аныктоого мүмкүн болбогон учурда чарба жүргүзүүчү субъекттин чыгымдарына жана пайдасына талдоо жүргүзүлөт жана товардын негизделген баасы аныкталат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Монополиялык жогору бааны аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";