Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-июлу № 58
Контрчалгындоо иши жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам контрчалгындоо ишинин укуктук негиздерин жана аны жүргүзүүнүн мыйзамдуулугуна кепилдиктердин тутумун аныктайт.
2-берене. Контрчалгындоо иши
Контрчалгындоо иши - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик иштин атайын түрү, ал ушул Мыйзам менен контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар жана (же) алардын бөлүмдөрү (мындан ары - контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар), ошондой эле көрсөтүлгөн органдардын жана алардын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары тарабынан өз компетенцияларынын чегинде, чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдардын, ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган чалгындоо-бүлүндүрүү жана башка иш-аракеттерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ачык же жашыруун жүзөгө ашырылуучу контрчалгындоо иш-чараларынын тутумун билдирет.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) предметтерди жана документтерди изилдөө - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды алуу максатында предметтерди жана документтерди изилдөө;
2) контрчалгындоо иш-чарасы - чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерин аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ачык жана жашыруун иш-аракеттер;
3) контролдонуучу жеткирүү (текшерүүчү жеткирүү) - жашыруун байкоо жүргүзүү жана документтештирүү максатында чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу товарлардын же предметтердин контролдонуп өткөрүлүүсүн жолго коюу;
4) контрчалгындык камсыз кылуу - чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттеринен коргоонун контрчалгындоо чараларынын тутуму;
5) почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдү контролдоо - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды табуу максатында белгилүү бир кат-кабарларды конспиративдүү карап чыгуу;
6) адамга же бир жайга жашыруун аудио- жана (же) видеоконтроль жүргүзүү - видео-, аудиотехниканы, атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен, контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл видео жана сөз жүзүндөгү маалыматты конспиративдүү контролдоо, ошондой эле анын мазмунун материалдык алып жүрүүчүгө жазып түшүрүү;
7) сурамжылоо - сурамжыланган адамдын сөздөрүнөн контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды ачык же жашыруун алуу;
8) маалыматты жана маалымдамаларды расмий алуу - документтерди, материалдарды, санарип ресурстарын түздөн-түз изилдөө жолу менен контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн маанилүү болгон маалыматтарды алуу, жеке жана юридикалык жактарга суроо-талаптарды жөнөтүү;
9) инсанды окшоштуруп аныктоо - инсанды өзгөрбөгөн жекече белгилери боюнча, ушуга тете ыктымалдуулуктун жетиштүү деңгээлинде инсандын өздүгүн таанууга мүмкүндүк берүүчү башка ыкмалардын жардамы менен инсанды аныктоо жана идентификациялоо;
10) жайларды, имараттарды, курулмаларды, жергиликтүү участокторду жана транспорт каражаттарын текшерүү - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды алуу максатында жайларды, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын жана башка объекттерди, ошондой эле уюмдардын аймактарын, жергиликтүү участокторду ачык же жашыруун кароо;
11) телекоммуникациялык тарамдарда ыкчам издөө - атайын техникалык каражаттардын жардамы менен телекоммуникациялык тарамдар аркылуу берилүүчү маалыматтан чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттеринин белгилерин аныктоо боюнча конспиративдүү иш-аракеттер;
12) ыкчам киргизүү - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн ыкчам кызматкердин же контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдын ыкчам кызыкчылык жараткан объектинин чөйрөсүнө кирүүсү боюнча өз ара байланыштагы иш-аракеттердин жыйындысы, же болбосо конспиративдүү уюмду (юридикалык жакты) түзүү;
13) ыкчам байкоо жүргүзүү - ыкчам-техникалык каражаттардын жардамы менен конспиративдүү, тутумдуу, түздөн-түз, көрүнөө же кыйыр түрдө кабыл алуу жана контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн маанилүү болгон көрүнүштөрдү, окуяларды, жосундарды, фактыларды, процесстерди жазып түшүрүү;
14) ыкчам эксперимент - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу максатында атайын түзүлгөн, толук башкарылуучу же контролдонуучу шарттарда контрчалгындоо ишинин объектине конспиративдүү байкоо жүргүзүү;
15) ыкчам аныктоо - кызмат адамдарын шифрленген сурамжылоо, маалыматтарды жана маалымдамаларды жашыруун алуу, документтер менен таанышуу жолу менен контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды конспиративдүү чогултуу;
16) маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга, берүүгө, сактоого жана телекоммуникацияларга арналган түзүлүштөрдөн маалыматты ыкчам алуу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды компьютерлерден, аппараттык-программалык комплекстерден жана маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга, берүүгө, сактоого жана телекоммуникацияларга арналган башка түзүлүштөрдөн техникалык каражаттар жана (же) программалык камсыз кылуу менен жашыруун алуу;
17) текшерүү үчүн сатып алуу - чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу предметтерди жана буюмдарды сатып алуунун жасалма түзүлгөн кырдаалы;
18) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу - телекоммуникациялык сервистерди пайдалануучулардын кириш жана чыгыш чалуулары (туташуулары) жөнүндө маалыматты, ошондой эле телекоммуникациялардын операторлорунан башка маалыматтарды алып коюу;
19) телефон жана башка сүйлөшүүчү түзүлүштөр аркылуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды табуу максатында телефон жана башка сүйлөшүүчү түзүлүштөр аркылуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү конспиративдүү угуп контролдоо, үн жаздыруучу, атайын техникалык каражаттардын жардамы менен материалдык алып жүрүүчүдөгү алардын мазмунун аныктоо;
20) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттери - чет мамлекеттердин атайын кызматтары, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдар, айрым адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүчү маалыматты табуу жана (же) коомдук мамилелерге, мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга таасир этүү, ошондой эле мындай иш үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү боюнча иштер;
21) салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл материалдык маалымат алып жүрүүчүлөрдү табуу жана алуу;
22) атайын техникалык каражаттар - контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө, анын ичинде телекоммуникациялык тарамдарда маалымат табуу жана документтештирүү үчүн атайын жана (же) программалык функцияларга ээ түзүлүштөр, аппаратура, программалык камсыз кылуу, аспаптар, жабдуулар, ошондой эле конструктивдүү өзгөчөлүктөр;
23) телекоммуникациялык тарамдардан маалыматты алуу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн кандай болбосун телекоммуникациялык тарамдар боюнча берилүүчү сигналдардын ар кандай түрлөрүн техникалык каражаттардын жардамы менен алуу, кайра өзгөртүү жана жазып белгилөө;
24) конспиративдүү ишканаларды жана уюмдарды түзүү - түзүлүүсүн (пайдаланууну) жашыруун сыр кылып сактоо менен контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн ишканаларды же уюмдарды (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды, менчик компанияларды, өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды ж.б.) түзүү (пайдалануу);
25) объекттерди санариптик таануу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү максатында учурдагы дайындар базасынын негизинде адамды автоматтык түрдө идентификациялоого же верификациялоого, транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин таанууга жөндөмдүү болгон атайын программалык камсыздоонун жардамы менен жүргүзүлүүчү иш-чара.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Контрчалгындоо ишинин укуктук негизи
Контрчалгындоо ишинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.
5-берене. Контрчалгындоо ишинин максаты жана милдеттери
1. Контрчалгындоо ишинин максаты - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттеринен коргоо болуп саналат.
2. Контрчалгындоо ишинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин, мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, экономикалык, илимий-техникалык жана коргонуу дараметин; мамлекеттик кайтаруудагы объекттерди; мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо;
2) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу;
3) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттери тууралуу маалыматты табуу;
4) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, стратегиялык объекттерди, юридикалык жана жеке жактарды контрчалгындоо жагынан камсыз кылуу;
5) мамлекеттик органдарга улуттук коопсуздук коркунучтарынын алдын алууга, жоюуга жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо;
7) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыз кылуу;
8) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын коопсуздугун камсыз кылуу.
6-берене. Контрчалгындоо ишинин принциптери
Контрчалгындоо иши мыйзамдуулук, инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, жашырындуулукту жана конспирацияны сактоо, ачык жана жашыруун методдорду жана каражаттарды айкалыштыруу принциптерине негизделет.
7-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүдө инсандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо кепилдиктери
1. Мамлекет контрчалгындоо ишин жүргүзүүдө адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого кепилдик берет. Конституцияда жана ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт.
2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан анын укуктары жана эркиндиктери бузулду деп эсептеген адам көрсөтүлгөн органдардын жана кызмат адамдарынын иш-аракетине жогору турган органга, прокуратурага же сотко даттанууга укуктуу. Берилген даттануу жогору турган орган, прокуратура же сот тарабынан ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алынганга чейин даттанылган иш-аракетти токтотпойт.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, улуттук коопсуздук органдарынын иш процессинде алынган жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү же анын мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү жеке жашоосу жөнүндө маалыматтар анын макулдугусуз ачыкка чыгарылбашы керек.
4. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузууга жол берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүдөгү конспирация
1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүдөгү конспирация төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды жашыруун сыр кылып сактоо боюнча чаралардын тутуму менен камсыз кылынат:
1) контрчалгындоо ишинин уюштурулушу, анын тактикасы, күчтөрү, каражаттары, методдору, пландары, абалы, натыйжалары жана каржыланышы жөнүндө;
2) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга жарандардын көмөк көрсөтүүсү жөнүндө;
3) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү же көрсөткөн жарандар жөнүндө;
4) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын ыкчам киргизүүгө катышып жаткан же катышкан кызматкерлери, жашыруун кызматкерлер жөнүндө, ошондой эле башка кызмат адамдары тууралуу;
5) контрчалгындоо ишин жүргүзүүдөгү эл аралык кызматташтык жөнүндө;
6) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар өткөргөн контрчалгындоо иш-чаралары жөнүндө.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтар мамлекеттик сырды түзөт.
2-глава. Контрчалгындоо иш-чаралары
9-берене. Контрчалгындоо иш-чаралары
1. Контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн төмөнкүлөр колдонулат:
1) сурамжылоо;
2) маалыматты жана маалымдамаларды расмий алуу;
3) салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу;
4) текшерүү үчүн сатып алуу;
5) предметтерди жана документтерди изилдөө;
6) контролдонуучу жеткирүү (текшерүүчү жеткирүүлөр);
7) инсанды окшоштуруп аныктоо;
71) объекттерди санариптик таануу;
8) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу;
9) жайларды, имараттарды, курулмаларды, жер участокторун жана транспорт каражаттарын текшерүү;
10) почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдү контролдоо;
11) телефон жана башка сүйлөшүү түзүлүштөрү аркылуу жүргүзүлүүчү сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу;
12) телекоммуникациялык тарамдардан маалыматтарды алуу;
13) маалыматты мыйзамсыз алууга багытталган техникалык чалгындоо каражаттарын жана маалымат чыгып кетүүчү техникалык каналдарды издөө;
14) телекоммуникациялык тарамдарда ыкчам издөө;
15) адамды же жайды жашыруун аудио жана (же) видео аркылуу контролдоо;
16) маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, берүү, сактоо жана телекоммуникациялар үчүн арналган түзүлмөлөрдөн маалыматтарды ыкчам алуу;
17) мыйзам менен корголуучу жеке жашоонун, турак жайдын кол тийбестигине, жеке жана үй-бүлөлүк жашыруун сырга, ошондой эле жеке салымдардын жана аманаттардын, кат жазышуулардын, телефон менен сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф аркылуу жана башка билдирүүлөрдүн жашыруун сырын козгобогон маалыматтарды алуу үчүн техникалык каражаттар;
18) конспиративдүү ишканаларды жана уюмдарды түзүү;
19) ыкчам киргизүү;
20) ыкчам байкоо жүргүзүү;
21) ыкчам эксперимент;
22) ыкчам аныктоо.
2. Контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө санариптик технологиялык тутумдар, видео-, аудиожаздыруу, сүрөткө тартуу, ошондой эле инсандын өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөөчү башка техникалык каражаттар пайдаланылат.
3. Кыргыз Республикасына маалыматты жашыруун алууга багытталган атайын техникалык каражаттарды ташып кирүү жана анын чегинен тышкары ташып чыгуу, ошондой эле иштеп чыгуу, өндүрүү, сертификаттоо, эсепке алуу, эсептен чыгаруу сатуу, сатып алуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Контрчалгындоо ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга багытталган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдаланууга байланышкан контрчалгындоо иш-чаралары техникалык жактан Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө телекоммуникациялардын операторлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сервистерди пайдалануучулар жөнүндө маалыматты берүүгө;
2) өздөрүнүн телекоммуникациялык тарамдарында атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга;
3) өздөрүнүн дайындар базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жеткиликтүүлүктү берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка көмөк көрсөтүүгө.
6. Телекоммуникациялардын операторлорунун контрчалгындоо ишин жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
7. Өзгөчө абал режими киргизилген шартта же куралдуу чыр-чатак мезгилинде конкреттүү мобилдик түзүлмөгө карата телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде убактылуу токтотулуп турушу мүмкүн. Мындай мобилдик түзүлмөгө телекоммуникациялык сервистерди берүүнү кайра улантуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин же телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүүнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алган улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде уруксат берилет.
8. Контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуучу телекоммуникациялардын операторлору жана башка адамдар аталган иш-чараларды жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана тактикалык ыкмаларын ачыкка чыгарууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-июлу № 58
Контрчалгындоо иши жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Контрчалгындоо иш-чаралары