Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-июлу № 58
Контрчалгындоо иши жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Контрчалгындоо иш-чаралары
3-глава. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар
4-глава. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдар
5-глава. Контрчалгындоо ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
6-глава. Контрчалгындоо ишин контролдоо жана көзөмөлдөө
7-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам контрчалгындоо ишинин укуктук негиздерин жана аны жүргүзүүнүн мыйзамдуулугуна кепилдиктердин тутумун аныктайт.
2-берене. Контрчалгындоо иши
Контрчалгындоо иши - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик иштин атайын түрү, ал ушул Мыйзам менен контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар жана (же) алардын бөлүмдөрү (мындан ары - контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар), ошондой эле көрсөтүлгөн органдардын жана алардын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары тарабынан өз компетенцияларынын чегинде, чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдардын, ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган чалгындоо-бүлүндүрүү жана башка иш-аракеттерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ачык же жашыруун жүзөгө ашырылуучу контрчалгындоо иш-чараларынын тутумун билдирет.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) предметтерди жана документтерди изилдөө - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды алуу максатында предметтерди жана документтерди изилдөө;