Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2022-жылдын 10-августу № 91

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Жөнгө салуунун максаты, предмети жана колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзамдын максаты сот адилеттигине жетүүгө адамдардын укуктарын ишке ашыруу, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыз кылуу жана алда канча натыйжалуу, адилеттүү, отчет берүүчү жана укуктун үстөмдүгүнө жана адамдын негизги укуктарын коргоого негизделген сот адилеттигин жүргүзүү тутумун түзүү болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүгө байланыштуу келип чыккан коомдук мамилелер болуп саналат.

3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга муктаж болгон качкындарга жайылтылат жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын уюштуруу-укуктук, социалдык-экономикалык, финансылык, маалыматтык, контролдук жана башка негиздерин аныктайт, ошондой эле мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү саясатты координациялоо жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн укуктук статусун жана ыйгарым укуктарын белгилейт.

2-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдар

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

Эгерде бул Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган алардын статусунун өзгөчөлүктөрүнө карама-каршы келбесе, юридикалык өкүлдөргө ушул Мыйзамдын жоболору адвокаттар менен окшоштук боюнча колдонулат.

Юридикалык өкүлдөр тарабынан көрсөтүлүүчү квалификациялуу юридикалык жардамга жол берүүнүн, тандоонун, дайындоонун, иштерди бөлүштүрүүнүн, каржылоонун, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн, контролдоонун жана сапатын баалоонун өзгөчөлүктөрү жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында юридикалык өкүлдөрдүн иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын принциптери

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мыйзамдуулук;