Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 16-ноябры № 106
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92, 2024-жылдын 9-январындагы № 2 , 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205, 2025-жылдын 25-июлундагы № 154, 2026-жылдын 14-январындагы № 1, 2026-жылдын 19-майындагы № 69, 2026-жылдын 25-майындагы № 76, 2026-жылдын 17-сентябры № 146 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти (мындан ары - ушул Регламент) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышынын тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.
I БӨЛҮМ. ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Регламентте колдонулуучу терминдер
Ушул Регламентте төмөндө келтирилген аныктамалар жана түшүнүктөр төмөнкүдөй маанилерге ээ:
1) альтернативдүү мыйзам долбоорлору - бир эле коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталган, мыйзам чыгаруу демилгесинин ар кыл субъекттеринен Жогорку Кеңешке келип түшкөн мыйзам долбоорлору;
2) мыйзам долбоорлорунун маалымат базасы - Жогорку Кеңешке расмий келип түшкөн жана анда катталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жыйындысы;
3) мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар - өлкөнүн жашап кетүү, коопсуздук жана өнүгүү муктаждыктары, ошондой эле мамлекеттин улуттук кубаттуулугун арттырууга жана жарандардын көпчүлүгүнүн турмуш жыргалчылыгын арттырууга кызмат кылуучу, тарыхый жана маданий мурастарынын баалуулуктары, жашоо ыңгайы, мамлекеттик саясат субъекттеринин ишинин умтулуулары жана шыктандыруулары менен шартталган кызыкчылыктар;
4) мыйзам чыгаруу сунушу - мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө фракциянын, депутаттык топтун, комитеттин, бир мандаттуу округ боюнча шайланган депутаттын же Жогорку Кеңештин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) сунушу;
5) шайланган депутат - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан депутат катары катталган, бирок өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга али кирише элек (шайлоонун натыйжалары расмий жарыялагандан кийин же болбосо бошогон мандатты ээлөө тартибинде) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
6) кызыкчылыктардын кагылышуусу - өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда депутаттардын мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктары коомдук жана мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктарга карама-каршы келген кырдаал;
7) Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш) - Жогорку Кеңештин ишин натыйжалуу уюштуруу маселелерин жамааттык чечүү үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин туруктуу органы;
8) мыйзам долбоорунун лингвистикалык экспертизасы - мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзам долбоорунун тексттеринин бири-бирине дал келүүсү жана ички шайкештиги жагынан салыштырма-редакциялык экспертиза жүргүзүү, юридикалык техниканын эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстинин азыркы кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине шайкештигин баалоо жана грамматикалык, лексикалык, стилистикалык, логикалык, редакциялык-техникалык каталарды жана терминдерди колдонуудагы каталарды четтетүү боюнча сунуштамаларды берүү;
9) жеке кызыкчылык - өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжасында Жогорку Кеңештин кызмат адамдары, депутаттары өзү же өзүнүн жакындары үчүн түз же кыйыр түрдө алууга умтулган же алып жаткан материалдык же башка пайда;
10) коомдук кызыкчылык - коомдун бакубаттуулугун, туруктуулугун, коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу менен байланышкан кандай гана болбосун жактын (жактардын) кызыкчылыгы;