КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 23-июлу № 136
Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 34-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3081-берене менен толукталсын:
"3081-берене. Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин жүргүзүү боюнча талапты бузуу
Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин жүргүзүү боюнча талапты бузуу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 65 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) 470-беренеде "308" деген цифралар "308, 308-1" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 519-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан түзүлгөн салык контролунун материалдары ушул Кодекске ылайык кароо жана жоопкерчиликке тартуу үчүн салык төлөөчү катталган жери боюнча аймактык салык органына берилет.";
4) 563-берененин 6-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "3091" деген цифралар "309, 3091" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
159-берененин 1-бөлүгүндө "240" деген цифралар "2401" деген цифраларга алмаштырылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) банк - эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясы же күбөлүгү бар коммерциялык банк, адистештирилген финансылык-кредиттик же кредиттик мекеме же уюм;";
2) 15-берененин 2-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "ушул Кодекстин 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык чечимдер кабыл алынган" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул бөлүктүн жоболору Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу максатында ушул Кодекске өзгөртүүлөр киргизилген учурларга жайылтылбайт.";
3) мамлекеттик тилдеги 37-берененин 4-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) сатуудан алынуучу салык.";
4) 48-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Салык төлөөчү өз кабинети аркылуу:
1) салык кызматынын органынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерде пайдаланылуучу электрондук документтерди алат:
2) салык кызматынын органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган электрондук документтерди, анын ичинде кагаз жүзүндөгү документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн берет;
3) Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин туруктуу негизде жүргүзөт жана анда жалданма кызматкерлер болуп саналган жана аны менен эмгек мамилелеринде турган жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылат. Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестри киреше салыгы боюнча отчетторду берүү учурунда салык төлөөчү тарабынан пайдаланылат. Ушул пункт мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга жайылтылбайт.
Электрондук документтер салык төлөөчү же салык кызматынын органынын жетекчиси өзү кол койгон кагаз жүзүндөгү документтерге теңдеш деп таанылат.
Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, эгерде электрондук документтер салык төлөөчүгө жөнөтүлсө же ага анын кабинети аркылуу берилсе, кагаз жүзүндөгү документтерди жөнөтүү талап кылынбайт.";
5) 51-берененин 1-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) салык төлөөчүнүн өз кабинети аркылуу Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин жүргүзүүгө жана анда жалданма кызматкерлер болуп саналган жана аны менен эмгек мамилелеринде турган жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылууга. Ушул пункт мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга жайылтылбайт;";
6) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) жазма буйруктун негизинде көчмө салыктык текшерүү, рейддик салык контролу жана салык төлөөчү тааныган салык карызын накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү, жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү санын аныктоо үчүн салык постун орнотуу формасында, ошондой эле бар болушу же пайдаланылышы салык милдеттенмелеринин келип чыгышына алып келген аймакта же жайда хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүүдө салык контролун жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамына кирүүгө мүмкүндүк берүүгө;";
б) 56-берененин 21-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 72-берененин 5-бөлүгүндө "кабарламанын" деген сөз "арыздын" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) мамлекеттик тилдеги 110-берененин 1-бөлүгүндө "кирет" деген сөз "турууга тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 111-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө башкача каралбаса, салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндөгү салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жөнүндө арызынын же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө жеке жактын арызынын;
2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар тарабынан берилген маалыматтын;
3) салык кызматынын органы тарабынан аныкталган, жакты салык төлөөгө милдеттендирүүчү ушул Кодексте каралган жагдайлардын.
Ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган учурда салыктык каттоо салык органы тарабынан жалпы салык режимине мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт.
Жеке ишкерлерди салыктык каттоо жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоо деп таанылат.
2. Ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо жүргүзүлөт, ал бир эле убакта анын КНС салык төлөөчү катары каттоосу деп таанылат.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн уюм мамлекеттик каттоодон өтпөстөн салыктык каттоодон өтүүгө тийиш.
Ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу салыктык каттоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
10) 118-берененин 5-бөлүгүнүн 5-пунктунда "чечими" деген сөз "жазуу жүзүндө кабарлоосу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 127-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын:
12) 138-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) көрсөткүчү салык төлөөчүнүн кабинетинде көрсөтүлгөн жалданма кызматкерлердин санынан ашкан жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү санын жашыруу фактысы аныкталганда.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жалданма кызматкерлер боюнча салык милдеттенмелерин эсептөөнүн кыйыр усулунда ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмү колдонулат.";
13) 163-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк мекен толукталсын:
"21. Эгерде рейддик салык контролунун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органы тарабынан киреше салыгы боюнча салык отчетунда көрсөтүлгөн салыктын суммасы тиешелүү салык мезгилинин салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу төмөндөтүлгөнү аныкталса, салык төлөөчүгө төмөндөтүлгөн салыктын суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.";
14) 164-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-бөлүктөр менен толукталсын:
"11. Төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы кармалбаганда жана төлөнбөгөндө салык агентине төлөнүүгө тийиш болгон салыктын кармалбаган жана төлөнбөгөн суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.
12. Бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесинин суммасы жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү эмгек акынын иш жүзүндөгү өлчөмүнөн эсептелет, бюджетке өндүрүлөт жана бул салык төлөөчүгө карата, эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык кызматынын органы тарабынан төмөнкүлөр аныкталса, эсептелген салык милдеттенмесинин суммасынан беш эселенген өлчөмдө салык санкциясы колдонулат:
- салык төлөөчү белгилүү бир салык мезгили үчүн киреше салыгы боюнча салык отчетун бербегени; жана/же
- салык төлөөчү тарабынан салык отчетторунда жана/же ушул Кодекстин 51-беренесине ылайык жүргүзүлүүчү Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестринде көрсөтүлбөгөн жалданма кызматкерлерди тартуу фактысы.
Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык кызматынын органы жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү эмгек акынын иш жүзүндөгү өлчөмүн аныктабаса, анда ушул бөлүктүн максатында ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмү колдонулат.";
15) 178-берененин 21-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта "мындай статуста катталган" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-пунктта "мындай статуста эсептик каттоодон өткөн" деген сөздөр алып салынсын;
16) мамлекеттик тилдеги 183-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Министрлер Кабинети ушул Кодексте белгиленген салыктардын ставкаларынын чегинде улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдар тарабынан сатылуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө пайда салыгы, КНС жана сатуу салыгы боюнча жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин, ошондой эле салык жеңилдиктерин берүү тартибин бекитет.";
17) 187-беренеде:
а) 2-бөлүктө "минималдуу эсептик кирешенин" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча кийинки календардык жылга карата бир айдагы орточо айлык эмгек акы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталат.
Орточо айлык эмгек акынын өлчөмү учурдагы жылдын 1-ноябрынан кеч эмес мөөнөттө расмий жарыяланууга тийиш.";
в) 6-бөлүктүн биринчи абзацында "минималдуу эсептик киреше" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 7-бөлүктүн биринчи абзацында "минималдуу эсептик кирешенин" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 189-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуунун же куруунун наркын кемитүү менен, ошондой эле ондоого жана/же жасалгалоого кеткен чыгымдарды кемитүү менен жана/же салык төлөөчү "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөндө атайын декларацияда чагылдырылган наркты кемитүү менен аны сатуудан түшкөн каражат;";
19) 191-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) дайыма багууга жана көзөмөлгө муктаж болгон баланын жана/же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылар.";
в) мамлекеттик тилдеги 4-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) пенсиялар, жөлөкпулдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр, зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрү, бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштегендиги үчүн белгиленген үстөктөр жана райондук коэффициенттер, эгерде бул төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумуш берүүчүнүн милдети болуп эсептелсе;";
г) 6-бөлүктө:
- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде сатылуучу мүлк салык төлөөчү тарабынан жакын тууганынан мурастоо же белекке берүү тартибинде алынган болсо, анда белгиленген бир жылдык мөөнөт мураска калтыруучунун же белекке берүүчүнүн менчик укуктары катталган датадан тартып эсептелет;";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) автомототранспорт каражатын кошпогондо, өз муктаждыктары үчүн алынган жана пайдаланылган кыймылдуу мүлк.";
д) 7-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивидендди кошпогондо, резидент-жеке жак тарабынан алынган, ошондой эле ушул Кодекстин 240-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 3 пайыздык ставка боюнча салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-жеке жак тарабынан алынган дивиденд;";
20) 197-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) I же II топтогу майыптыгы барлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан белгиленген угуу боюнча III топтогу майыптыгы барлар. Майыптык тобун тастыктоочу документ салык агентинин салык төлөөчүнүн кабинетинде тиркелиши керек.";
21) 199-берененин 2-бөлүгүндө "минималдык эсептик кирешеден" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акыдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 200-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эгерде кызматкердин киреше салыгы боюнча салык базасынын өлчөмү орточо айлык эмгек акынын суммасынан аз сумманы түзсө:
1) киреше салыгы боюнча салык базасынын өлчөмү салык агенти тарабынан киреше салыгы кармалуучу орточо айлык эмгек акыга тең деп кабыл алынат;
2) орточо айлык эмгек акыдан кармалуучу киреше салыгынын суммасы жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт:
а) кызматкердин эмгек акысынан - иш жүзүндөгү эсептелген салык базасынан эсептелген киреше салыгынын өлчөмүндө;
б) жумуш берүүчүнүн каражаттарынан - орточо айлык эмгек акы менен иш жүзүндө эсептелген салык базасынын ортосундагы айырмадан эсептелген киреше салыгынын өлчөмүндө.
Учурдагы ай үчүн салык милдеттенмесин эсептөө үчүн киреше салыгы боюнча салык базасы жана орточо айлык эмгек акынын суммасы учурдагы салык мезгилинин башынан тартып кызматкер иш жүзүндө иштеген айлар үчүн жогору өсүүчү жыйынтык менен жумуш берүүчү тарабынан эсептелет.";
б) 8-бөлүктө "минималдуу эсептик кирешенин" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 206-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы иш - Кыргыз Республикасы бул товарлар чыгарылган жер болуп саналбаган учурда жүзөгө ашыруу жери Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жайгашкан товарларды сатуу боюнча иш. Ушул пункттун максаттарында товарлар деп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтпөгөн товарлар түшүнүлөт;";
24) 233-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Улуттук банктын жөнгө салуучу талаптарына, же болбосо Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык банк тарабынан түзүлүүчү резервдердин суммасы мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамда каралган учурларда жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга тийиш.";
25) 240-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул бөлүмгө ылайык эсептелген, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүдөн түшкөн пайдага салыктын ставкасы 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Ушул бөлүктү колдонуу укугу салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык өзүнчө эсеп жүргүзгөндө гана пайда болот.";
26) 249-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"249-берене. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешелерине салыктын ставкалары
1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешесине салык агентинде төмөнкүдөй ставкалар боюнча салык салынууга тийиш:
1) листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фонддук биржасынын листингинде турган баалуу кагаздардан алынган пайыздык кирешелерден тышкары, дивиденддер, пайыздык кирешелер, исламдык каржылоого ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча төлөнүүчү кирешелер - 10 пайыз;
2) төмөнкүлөр боюнча төлөнгөн камсыздандыруу сый акылары:
а) милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча төлөмдөрдү кошпогондо, камсыздандыруу же тобокелдиктерди кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча - 5 пайыз;
б) милдеттүү камсыздандыруу же тобокелдиктерди милдеттүү камсыздандыруу боюнча кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча - 10 пайыз;
3) автордук гонорарлар, роялти - 10 пайыз;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр - 10 пайыз;
5) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы эл аралык байланышта жана ташууларда телекоммуникациялык же транспорттук кызмат көрсөтүүлөр - 5 пайыз.
Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы ташуулар деп ташуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары же аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда гана жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, деңиз, суу же аба кемеси, автотранспорт каражаты же темир жол транспорту аркылуу ар кандай ташуулар түшүнүлөт.
2. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун ушул Кодекстин 240-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 3 пайыз ставка боюнча пайдага салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө алынган дивиденддерге төлөм булагында 0 пайыз ставка боюнча салык салынууга тийиш.";
27) 253-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) берүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган, жумуш аткаруучу же кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле сатып алуучуларга - Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке жактарга товарлар менен электрондук соода жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм же жеке ишкер. Ушул кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдун КНС боюнча милдеттенмесин салык агенти аткарат.";
28) 295-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта:
- биринчи абзацта "өндүрүү" деген соз "реконструкциялоо, өндүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) үчүнчү тарабынан мамлекеттик орган же мамлекеттик мекеме, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, жеке уюм менен. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети социалдык маанилүү объект тууралуу келишим түзгөн жеке уюмдар жөнүндө жобону бекитет;";
б) 2-пунктта "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жеке уюмга жумуштарды өткөрүп берүү же товарды, же кыймылсыз мүлк объектин, курулманы берүү социалдык маанилүү объектти реконструкциялоодо, курууда же өндүрүүдө мындай келишим түзүлгөн датадан тартып 3 жылдан кеч эмес мөөнөттө жана социалдык маанилүү объектти импорттоодо Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген күндөн же Кыргыз Республикасынын аймагында мындай объектти сатып алган күндөн тартып бир жылдан кеч эмес мөөнөттө жүзөгө ашырылса;";
в) 3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) социалдык маанилүү объект деп төмөнкүдөй товар же кыймылсыз мүлк объекти, курулма таанылат:
а) калктын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана социалдык инфратүзүм жаатындагы керектөөсүн канааттандырууга багытталган; жана
б) грант берүүчүнүн эсебинен реконструкцияланган, чыгарылган же курулган. же сатып алынган; жана
в) мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, жергиликтүү өч алдынча башкаруу органына, жеке уюмга андан ары пайдалануу үчүн өткөрүп берилген:
4) грант берүүчү деп социалдык маанилүү объектти реконструкциялоо, өндүрүү жана/же куруу, жана/же сатып алуу үчүн грант берген, социалдык маанилүү объект боюнча үч тараптуу келишимдин негизинде андан ары пайдалануу үчүн аны мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жеке уюмга өткөргөн жеке жак же жеке адамдар жана/же уюм же уюмдар таанылат.";
29) 296-беренеде:
а) 5-пункт "чыгарылган" деген сөздөн кийин "жана/же чогултулган" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъекттерге спортту өнүктүрүүгө багытталган товарларды берүү. Спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
30) 297-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:
"26) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъекттер тарабынан импорттолуучу, спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлар.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 11, 13, 14, 17, 20-23, 26-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо ТЭИ ТН ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча КНС төлөөдөн бошотулат.";
31) 307-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салык салынуучу берүү боюнча КНС үчүн салык базасы болуп ушул Кодекстин 308-беренесине ылайык аныкталуучу берүүнүн салык салынуучу наркы саналат.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын салык салынуучу импорту боюнча КНС үчүн салык базасы болуп ушул Кодекстин 311-беренесине ылайык аныкталуучу импорттук товарлардын салык салынуучу наркы саналат.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн, тобокелдиктерди башкаруу тутумуна ылайык тобокелдиктин белгилери бар КНС салык базалары Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.";
32) 311-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
33) 336-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"336-берене. Акциздин базалык ставкалары
1. Акциздин базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет: