Конституциалык МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 10-октябрындагы № 95 «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Конституциялык Мыйзамы

Редакцияот 10.10.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы

2022-жылдын 10-октябры № 95

"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

28-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"28-статья. Ушул Мыйзамдын 26-статьясында каралган тартипти бузууга жол берген адамдар ички иштер органдары же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганга чейин, ал эми жанында инсандыгын ырастоочу документтери жоктор - ким экендиги аныкталганга чейин, бирок 48 сааттан ашык эмес кармалат. Кармалгандар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жеке тинтилиши, буюм-тайымдары жана транспорт каражаттары каралып чыгышы мүмкүн.".

2-берене.

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 91 (3426)  жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н.Жапаров

 

 

 

2022-жылдын 7-сентябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган