Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 28-февралы № 44
Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу
(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179, 2025-жылдын 27-июнундагы № 129, 2025-жылдын 12-августундагы № 198,
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 86-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"86-статья. Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо)
1. Юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө тийиш. Жалпы таанышуу үчүн ачык болгон юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине мамлекеттик каттоонун маалыматтары киргизилет, аны жүргүзүү тартиби юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Жалпы таанышуу үчүн ачык болгон юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген мамлекеттик каттоонун маалыматтарын жашырууга, өчүрүүгө, ошондой эле ага анык эмес же толук эмес маалыматтарды киргизүүгө тыюу салынат.
Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Жамааттык уюмдарды каттоо маселелери тиешелүү мыйзам менен жөнгө салынат.
Каттоодон баш тартуу юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жүзөгө ашырылат. Юридикалык жакты түзүүнүн максатка ылайыксыздыгынын жүйөсү боюнча каттоодон баш тартууга жол берилбейт.
Мамлекеттик каттоодон баш тартуу, ошондой эле мындай каттоодон качуу администрациялык иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жак статусуна ээ. Алар уюшулган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет жана катталууга тийиш эмес.
3. Мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак түзүлдү деп эсептелет. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо билдирүү мүнөзүндө болот. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты каттоо үчүн анын уюштуруу жана башка документтерин мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашууну талап кылган ченемдик укуктук актыларды кабып алууга укуксуз.
4. Юридикалык жак юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда гана кайра катталууга тийиш.";
2) 87-статьяда:
а) 4-пунктта: