Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 22-майы № 104
Автомобиль жолдору жөнүндө
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүү, автомобиль жолдорунун курулушун, сакталышын камсыздоого жана техникалык деңгээлин жана эксплуатациялык абалын жакшыртууга багытталган жол ишин жүзөгө ашыруу максатында автомобиль жолдорун башкаруунун жана пайдалануунун укуктук, экономикалык жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу менчигинин түрүнө жана маанисине карабастан Кыргыз Республикасынын бардык автомобиль жолдоруна, ошондой эле аларды бардык пайдалануучуларга жайылтылат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары
Ушул Мыйзамдын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жол ишин жүзөгө ашыруунун негиздерин белгилөө жана автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү жана аларды пайдалануу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу;
2) автомобиль жолдорун мамлекеттик саясатка ылайык оңдоону жана күтүүнү камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасын коргоо жана экономикасын өнүктүрүү кызыкчылыктарына ылайык автомобиль жолдорунун коопсуздугун жана өнүктүрүүнү камсыздоо, алардын техникалык абалын жакшыртуу;
4) автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү мамлекеттик пландоо;
5) жол ишине жаңы технологияларды жана стандарттарды киргизүүгө көмөктөшүү;
6) жол ишинде инвестициялык жагдайды жакшыртуу;
7) жумуштар жана (же) кызмат көрсөтүүлөр рыногунда натыйжалуу жана таза атаандаштыкты камсыздоо;
8) Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун бирдиктүү тармагын түзүүнү камсыздоо;
9) эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана автомобиль жолдору тармагын карым-катыш жолдорунун эл аралык системасына интеграциялоого көмөктөшүү.